Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 5-апрели № 6/3
Айыл өкмөтүнүн башчысынын айыл чарба жумуштарына кызмат кылуу акысын, мал багуу акысын, корук иштерине байланышкан айыптарды белгилөө боюнча сунушун талкуулап,
Ак-Кудук айылдык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн башчысынын айыл чарба жумуштарына кызмат кылуу акысын, мал багуу акылары төмөндөгү баада бекитилсин.
| Кызмат кылуунун аталышы
| өлчөмү | Кызмат кылуу акысы сом менен |
1 | Айдоо | 1 га | 700 |
| Беде, чым жерди бузу | 1 га | 800 |
2 | Тырмоо | 1 га | 300 |
3 | Себүү | 1 га | 300 |
4 | Шакап тартуу | 1 га | 50 |
5 | Эгин чабуу | 1 га | 1600 |
| Сугат иштери |
|
|
| Кара сугат | 1 га | 700 |
| Жер сугат, беде ж.б. | 1 га | 600 |
Айыл тургундарынын малдарын багууга алынуучу кызмат акылары
| Малдын түрү | Убагы 1 баш малга | Баасы сом менен |
1 | Уй, жылкы | 1 айга | 150 |
2 | Кой эчки | 1 айга | 25-30 |
3 |
| 1 айга |
|
2. Малдарды кароого алуунун жана корук ишинин мөөнөтү жана корук жерге кирген малга айып төлөө төмөндөгүдөй жүргүзүлсүн.
- Жазгы корук иштери башталышы 2013-жылдын 20-апрелинен башталат
- Күзгү корук ишинин бүтүшү эгиндер толук жыйналып бүткөрүлгөндөн кийин аяктайт
- Корук учурунда корук аянттарына кирип кеткен малга айып төлөө төмөндөгү тартипте белгиленсин жана корукка түшкөн малдарды ээсине билдиргенден кийин малын алып кетпесе, мал зыян болуп калса кароолчулар жоопкерчиликтен бошотулсун.
| Малдын түрү | 1 жолу Сом менен | 2 же андан ашык Сом менен |
1 | Уй | 50 | 100 |
2 | Жылкы | 50 | 100 |
3 | Кой, эчки | 10 | 20 |
4 | Эшек | 50 | 100 |
|
|
|
|
3. Сугат иштеринин жүрүшүнө тоскоол кылып, эч уруксааты жок сууну жыгып алган атуулдарга 2000 мин сом өлчөмүндө айып салынсын.
4. Корук аянттарына кирген малдын ээлерине жана уруксааатсыз сууну жыгып алган атуулдарга карата административдик чара көрүү айыл өкмөтүнүн астында түзүлгөн атайын ыйгарым укуктуу укук бузууларды четтетүү боюнча комиссиянын чечими менен айып салуу иштери жүзөгө ашырылсын.
5. Бул токтомду аткарууну жана аткарылышын көзөмөлгө алууну айыл өкмөтүнө милдеттенрдирилсин.
Төрага | К. Абакиров |