Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 5-апрели № 6/5
Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн айылдарындагы катуу калдыктарды таштоочу таштанды жайлар жана курулуш курууга топурак алууга карьер үчүн жер участокторун бөлүп берүү боюнча
Ак-Кудук айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Төмөндөгү жер участоктору катуу таштанды төгүүчү жайларга жана курулуш курууга карьер кылууга бөлүнүп берилсин.
2.8-Март айылына таштанды төгүүчү жайды айылдын күн чыгыш тарабындагы топурак алынган карьердин түштүк тарабынан 0,20 га жер участогу.
3.8-Март айылынын элинин курулуш курууга керектүү топурак карьери ушул эле участоктун карьердин батыш тарабынан 0,20га жер участогу
4.Шоро айылына таштанды төгүүчү жайга айылдын күн чыгыш тарабындагы эски топурак алынган жерден 0,10га жер участогу
5.Шоро айылына курулуш курууга керектүү топурак карьери ушул эле жердин түндүк тарабынан 0,20га жер участогу
6.Ак-Кудук айылына таштанды төгүүчү жайга айылдын күн батыш тарабындагы эски карьердин ордунан 0,10 га жер участогу;
7.Бөлүнүп берилген жер участкаларына керектүү документтердин даярдап,Нарын аймактык курчап турган чөйрөнү коргоо башкармалыгы менен макулдшып,корутунду алууга жана Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясынын аныктамасын алуу иштерин жүргүзүү айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
8.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алууну жер,турак жай маселелери боюнча айылдык кенештеги комиссиянын төрагасы К.Рыскелдиевге милдеттендирем.
Төрага | К. Абакиров |