Редакцияот 11.09.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Ак-Кудук айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы

 

2013-жылдын 11-сентябры № 8/2

Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн Ак-Кудук айылына тиешелүү ден соолук комитети менен бүткөрүлгөн мончону иштетүү жөнүндө

Ак-Кудук айылдык кенешинин кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн Ак-Кудук айылындагы ден соолук комитети менен бүткөрүлгөн мончо К.Касмалиевден, А.Саяковго өткөрүлүп берилсин.

2. Мончонун кемчиликтерин толуктап иштетүү Ак-Кудук айылынын тургуну Саяков Адилетке милдеттендирилсин.

3. Токтомду аткарууга алуу Ак-Кудук айылынын айыл башчысы Асанкул  уулу Темирканга милдеттендирилсин.

4. Токтомду көзөмөлдөөнү өзүмө алам.

 

Төрага

К. Абакиров