Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 13-ноябры № 02
Оро айылдык аймагында мүлк жана жер салыгын киргизүү жөнүндө
Оро айылдык кеңешинин 9-чакырылышынын кезектеги 18 -сессиясы, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 31-беренесинин 3-бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасынын 2008-жылы 17-октябрындагы “КР Салык Кодексин ишке киргизүү Мыйзамына ылайык Оро айыл аймагында мүлк жана жер салыгын киргизүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылдын 1-январынан баштап айыл аймагында төмөнкү салыктар киргизилсин:
- мүлк салыгы;
- жер салыгы;
2. Бул токтомдун биринчи пунктунда көрсөтүлгөн салыктарды жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине ылайык жүргүзүлөт.
3. Бул токтом юстиция Министрлигинен катталып Кыргыз республикасынын нормативдик актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Токтом жарыя болгондон баштап күчүнө кирет.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы З.Тойчубековага жүктөлсүн.
Төрага | Б. Акматов |