Загрузка документа…
БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 8-сентябры № 67
Айыл кеңешинин XXVI чакырылышынын XIII сессиясы
«Жылдыз-Нуру» бала бакчасы үчүн атайын эсептеги күнүңкү төгүмдү бөлүштүрүүнү бекитүү жөнүндө
(Биринчи Май айылдык кеңешинин 2015-жылдын 14-апрелиндеги № 86 токтомуна редакциясына ылайык)
ФЭБ башчысы Н.Б. Жумагулованын “Жылдыз-Нуру” бала бакчасы боюнча капиталдык оңдоого 3069,6 сом, анын ичинде оңдоо иштерине – 648,0 миң сом, ашкана жабдууларына – 984,9 миң сом, төшөк буюмдарына, эмерекке ж.б. 1436,7 миң сом өлчөмүндөгү чыгымдар, бүгүнкү күндө “Жылдыз-Нуру” бала бакчасында төрт топту ачууга мүмкүнчүлүк бар, бала бакчаны толук ачууга акча каражаты жок экендиги жөнүндөгү маалыматты угуп жана талкуулап,
Жогоруда көрсөтүлгөндүн негизинде Биринчи Май айыл Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. “Жылдыз - Нуру” бала бакчасына балдарды киргизүүдө ата-энелердин күнүңкү төлөмү 3,0 миң сом өлчөмүндө бала бакчанын атайын эсебине берүү менен бекитилсин.
(Биринчи Май айылдык кеңешинин 2015-жылдын 14-апрелиндеги № 86 токтомуна редакциясына ылайык)
2. ФЭБ башчысы Н.Б. Жумагуловага атайын эсепке акча каражаты түшкөнү боюнча, эмеректерди, жумшак инвентарды, төшөк буюмдарын, чарба товарларын ж.б. тушкөн акча каражатына алууга кошумча сметалары түзүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө ФЭБ башчысы Н.Б. Жумагуловага жүктөлсүн.
Төрага | Саралиев Б.А. |