Загрузка документа…
БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-февралы № 79
Биринчи Май айыл кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1.Биринчи Май айыл өкмөтү көрсөткөн 2015-жылдын бюджети 20145,1 миң сом суммасында атайын эсеп-752,7 миң сом эсеби менен бекитилсин.
2. 2015-жылдын бюджетинин киреше бөлүгү төмөнкү булактардан түшкөндүгүнүн эсебинен тузүлгөндүгү аныкталсын.(тизмеги тиркелет)
2015-жылдын күндөлүк чыгашаларын бөлүктөр боюнча каржылоо бекитилсин:
чыгашалар | Атайын эсеп | Жергиликтүү бюджет | бардыгы |
аппарат | 50,0 | 3077,0 | 3127,0 |
китепкана |
| 327,9 | 327,9 |
клуб |
| 100,9 | 100,9 |
бала бакчалар | 702,7 | 5035,7 | 5738,4 |
№1,4 АОМ |
| 4291,3 | 4291,3 |
ТКЧ |
| 5530,1 | 5530,1 |
Айыл чарба |
| 200,0 | 200,0 |
Соц.тейлөөлөр |
| 481,5 | 481,5 |
Башка маданият. иш-чаралар |
| 294,0 | 294,0 |
Жарандык коргоо |
| 54,0 | 54,0 |
Бардыгы | 752,7 | 19392,4 | 20145,1 |
3.2015-жылдагы жергиликтүү бюджеттен чыгашаларды каржылоо нагыз алынган кирешелерден жүргүзүлө тургандыгы, биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (айлык акы, тамак-аш, коммуналдык тейлөөлөрдү төлөө, соц.тейлөөлөр), аныкталсын.
4. “Кассалык жүгүртмө акча каражаты” 20.07.2004-ж. №93 23-беренеси ылайык 280,6 миң сом суммасында бекитилсин.
5.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунда тазалагычтын, от жагуучунун ставкасы каралбагандыктан жана кароолчунун жетишпегендигине байланыштуу, контракт негизинде 3 ставка 2500 сом өлчөмүндө кызмат акысы менен түнкү кезекчиликтин эсеби менен бекитилсин.
6. “Мугалимдин статусу жөнүндө” Мыйзамга ылайык, бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландан тышкары түшүүлөр эсебинен 1,0 миң сом өлчөмүндө, коммуналдык тейлөөлөргө каралсын.
7.Өткөрүлгөн тендерлердин эсебинен айыл аймагындагы күндөлүк оңдоолорго үнөмдөө каралсын.
8.Айыл өкмөтүнүн башчысына пландан тышкары түшүүлөрдү жыл ичинде бюджет жана атайын эсеп боюнча керектүү чыгымдарга бөлүштүрүүгө уруксат берилсин.
9.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө ФЭБ башчысы Н.Б.Жумагуловага жүктөлсүн.
Төрага | Саралаев Б.А. |