Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН III ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XIX СЕССИЯСЫ
2015-жылдын 26-февралы № 148/19-3
2014-жыл үчүн Токмок ш. жергиликтүү бюджетинин аткарылышынын жыйыйыктары жөнүндө
Токмок ш. финансы бөлүмү тарабынан 2014-жыл үчүн жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндө берилген материалдарды карап чыгып, шаардык кеңеш төмөнкүлөрдү белгилейт. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү алынган расмий трансферттерди жана атайын каражаттарды эсепке алуу менен 97,1% аткарылган же такталган план 227328,1 миң сом болсо, иш жүзүндө 220801,0 миң сом түшкөн же 6527,1 миң сом түшпөй калган.
Анын ичинде:
жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү атайын каражаттарды эсепке албаганда на 96,8 % аткарылган (такталган план 198362,1 миң сом, факт 191977,2 миң сом) же 6384,9 миң сом түшпөй калган.
атайын каражаттар 99,5% аткарылган (такталган план 28966,0 миң сом, факт 28823,8 миң сом) же 142,2 миң сом түшпөй калган.
Токмок ш. боюнча МСКБ тарабынан чогултулуучу салыктар жана толомдор 96,4% аткарылган (такталган план 175362,0 миң сом, факт 169128,1 миң сом) же 6233,9 миң сомго аткарылган эмес.
План салыктардын жана төлөмдөрдүн төмөнкү түрлөрү боюнча аткарылган эмес:
Салык агента төлөөчү киреше салыгы 7141,0 миң сомго;
Чакан ишкердүүлүктүн субъектилери үчүн бирдиктүү салык 189,3 миң сомго;
Ишкердүүлүк жүргүзүүгө пайдаланбай турган кыймылсыз мүлккө салык 499,4 миң сомго;
Ишкердүүлүк жүргүзүүгө пайдалана турган кыймылсыз мүлккө салык 166,8 миң сомго;
Унаа каражаттарына салык 249,7 миң сомго;
Юстиция органдары тарабынан алынуучу мамжыйым 618,8 миң сомго.
2015-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджет боюнча салык калдыгы 2392,2 миң сомду түздү же өткөн жылдын ушул мезгилине карата 1341,2 миң сомго азайган (2014-ж. 1-январына карата - 3733,4 миң сом).
Токмок ш. ММБ боюнча аткаруу 107,2% түздү же такталган план 6584,0 миң сом болсо, иш жүзүндө 7057,7 миң сом чогулган, ашыра аткаруу 473,7 миң сомду түзгөн.
Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгү алынган расмий трансферттерди жана атайын каражаттарды эсепке алуу менен 96,1% аткарылган же такталган план 242932,8 миң сом болсо, иш жүзүндө 233382,1 миң сом чыгымдалган.
Анын ичинен:
бюджеттик каражаттар 203605,3 миң сом чыгымдалган;
атайын каражаттар 29776,8 миң сом чыгымдалган.
2015-жылдын 15-январына карата шаардын бюджеттик уюмдарынын кредитордук карыздары 21841,5 миң сомду түздү, анын ичинене 2233-берене боюнча «Жылуулук энергиясы үчүн толом» - 15918,4 мин сом (анын ичинде республикалык бюджеттин карызы (субсидиялар) 52806 а/б турак үйлөрү боюнча - 8030,3 мин сом, бюджеттик уюмдар - 7888,1 миң сом).
Жогоруда жазылгандарды эсепке алуу менен,
Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардын жергиликтүү бюджетинин 2014-жылга киреше бөлүгүнүн аткарылышы 220801,0 миң сом, анын ичинен бюджеттик каражаттар - 191977,2 мин сом, атайын каражаттар - 28823,8 тыс. сом экендиги эске алынсын (№ 1 тиркеме).
2. Шаардын жергиликтүү бюджетинин 2014-жылга чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы бекитилсин ( № 2 тиркеме);
3. Токмок шаардык Кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколуна ылайык, бюджеттик ассигнованиелерди жылдыруунун эсебинен, жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүн өзгөртүү тизмеги бекитилсин (№3 тиркеме).
4. Токмок ш. финансы бөлүмүнүн башчысы тарабынан (Котко Н.Т.), шаардын бюджеттик уюмдарынын коммуналдык кызматтар боюнча кредитордук карыздарын жоюу боюнча зарыл чаралар кабыл алынсын.
5. Токмок ш. боюнча МСКБ башчысы (Мамбетаитов Н.Т.) жана Токмок ш. ММБ башкаруучусу тарабынан (Чотбаев К.К.):
-мындан ары салыктык жана салыктык эмес кирешелердин бардык түрлөрү боюнча пландык көрсөткүчтөрдүн ай сайын аткарылышы камсыздалсын;
салыктар жана толомдор калдыктарын кыскартуу боюнча иштер күчөтүлсүн;
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссияга жүктөлсүн.
Төрага |
Р. Таманбаев |