Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 15-апрели № 103/14-3
Көп батирлүү турак үйлөрдүн техникалык кармоосуна жана тейлөөсүнө тарифтерди бекитүү жөнүндө
“Токмок турак жай колдонуу участогу” муниципалдык ишканасынын директору М.А.Джумашевдин 28.03.2014-ж. № 9 кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, көп батирлүү турак үйлөрдү техникалык кармоо, тейлөө жана абалын сактоо максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,
Токмок шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2014-жылдын 1-майынан баштап, “Токмок турак жай колдонуу участогу” муниципалдык ишканасынын көп батирлүү турак үйлөрдү техникалык кармоосуна жана тейлөөсүнө тариф айына 1 ч.м. турак жай аянты үчүн 2с.20т. (эки сом жыйырма тыйын) өлчөмүндө бекитилсин.
2.”ТТЖКУ” МИнин директору тарабынан (Джумашев М.А.), Кыргыз Республикасынын экономика министрлигинин монополияга каршы жөнгө салуу боюнча комитети менен тариф макулдашылсын.
3.Токмок шаардык Кеңешинин 2008-жылдын 15-майындагы №28/6-2 токтому өз күчүн жоготту деп эсептелсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, өнөр жай, курулуш, архитектура, транспорт жана турак жай-коммуналдык кызматтар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Р. Таманбаев |