Загрузка документа…
СУУСАМЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-январы № 18/3
Суусамыр айыл өкмөтүнүн аймагында жер жана мүлк салыктарын киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 31 беренесинин 3-бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 «Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин ишке киргизүү жөнүндө» Мыйзамына ылайык Суусамыр айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Суусамыр айылдык аймагында 2015-жылдын 01-январынан баштап төмөнкү салык түрлөрү киргизилсин
Жер салыгы
Мүлк салыгы
2. Ушул токтомдун 1 пунктунда каралган салык түрлөрү Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине ылайык чегерилсин.
3. Ушул токтомду мамлекеттик укуктук актылардын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Укук министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Суусамыр айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы-башкы бухгалтер Э.Б.Такырбашевага милдеттендирилсин.
Жөнөтүлсүн: иш кагаздарына, мамлекеттик салык кызматынын Жайыл району боюнча башкармалыгына, финансы-экономикалык бөлүмүнө.
Төрага |
З. Асаналиев |