Загрузка документа…
СУУСАМЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-январы № 18/4
Айыл чарба багытындагы эмес жерлердин салыгына Кз коэффициентин 1 өлчөмүндө бекитүү жөнүндө
Суусамыр жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аймагындагы айыл чарба багытындагы эмес жерлердин жана кыймылсыз мүлк салыгына Кз коэффициентин 1 өлчөмүндө бекитип берүү тууралуу Суусамыр айылдык аймагынын кирешелер боюнча инспекторунун маалыматын угуп жана талкуулап Суусамыр айылдык Кенешинин _____ чакырылышынын ___ кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Суусамыр айылдык аймагындагы айыл чарба багытындагы эмес жерлердин жана кыймылсыз мүлк салыгына Кз коэффициенти 1 өлчөмүндө бекитилсин.
2.Ушул токтомду мамлекеттик укуктук актылардын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Укук министрлигине жөнөтүлсүн.
1. Бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Суусамыр айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы-башкы бухгалтер Э.Б.Такырбашевага милдеттендирилсин.
Жөнөтүлсүн: иш кагаздарына, мамлекеттик салык кызматынын Жайыл району боюнча башкармалыгына, финансы-экономикалык бөлүмүнө.
Төрага |
З. Асаналиев |