Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 26-февралы № 149/19-3
Токмок ш. 2015-жылга карата бюджети жана 2016-2017 –жылдарга божомолу
Токмок ш. финансы бөлүмүнүн башчысы Н.Т.Котконун «Токмок ш. 2015-жылга карата бюджети жана 2016-2017 –жылдарга божомолу жөнүндө” баяндамасын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамын, “Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” мыйзамдын 2, 35, 46-беренелерин жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө” мыйзамдын 2, 3, 7, 13-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин контролдук цифраларын, шаардын жергиликтүү бюджетинин 2015-жылга карата бюджети жана 2016-2017 –жылдарга божомолу жөнүндө долбоорун даярдоочу Токмок ш. мэриясынын жумушчу тобунун материалдарын жетекчиликке алуу менен, экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде,
Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок ш. кирешелер жана чыгашалар боюнча 2015-жылга карата бюджети атайын каражаттарды эсепке алуу менен, 233884,0 миң сом суммасында бекитилсин, 2016-жылга божомол - 256046,0 миң сом, 2017-жылга - 283634,0 миң сом (№1, №2 тиркемелерге ылайык) 2015-2017-жылдарга киреше бөлүгү боюнча жөнгө салуу планы бекитилсин (№3 тиркеме).
2.Жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын 2015-жылга каржылоо жана 2016-2017-жылдарга божомол иш жүзүндө алынган кирешелердин чегинде жүргүзүлүүсү белгиленсин, мында биринчи кезекте корголгон жана биринчи кезектеги чыгашалар беренелери боюнча каржыланат (эмгек акы, Социалдык фондго чегерүүлөр, тамактануу, стипендия, калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пулдар, коммуналдык кызматтар жана көмүр алууга).
3. Токмок ш. жергиликтүү бюджети боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай каражат 2015-жылдын 1-январына карата 100,0 миң сом суммасында белгиленсин.
4. Шаардык финансы бөлүмүнүн башчысы тарабынан (Котко Н.Т.):
- Токмок ш. жергиликтүү бюджетин аткаруу процессинде, экономикалык кырдаал өзгөргөн учурларда, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен 2015-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча планды тактоо боюнча иштер жүргүзүлсүн;
- 2014-жыл үчүн шаардын бюджеттик уюмдарынын кредитордук карыздарын жоюу боюнча зарыл чаралар кабыл алынсын.
5. Токмок ш. боюнча Мамлекеттик салык кызматы башкармалыгынын башчысы (Мамбетаитов Н.Т.), Токмок ш. ММБнын башкаруучусу тарабынан (Чотбаев К.К.):
-экономиканын көмүскө секторун мыйзамдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүү жана тескөөнү жакшыртуу жолдору менен салыктарды жана төлөмдөрдү көбөйтүү боюнча чаралар кабыл алынсын;
- салыктык жана салыктык эмес кирешелердин бардык түрлөрү боюнча пландардын ай сайын аткарылышы камсыздалсын;
- жергиликтүү бюджеттин салыктар жана төлөмдөр калдыктарын кыскартуу боюнча иштер күчөтүлсүн.
6. Токмок шаардык финансы бөлүмү жана Токмок ш. боюнча Мамлекеттик салык кызматы башкармалыгы бюджетти аткаруу жүрүшүндө, бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрү өзгөргөн учурларда, кийин шаардык кеңештин сессиясында бекитүү менен, экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунда тактоолор жүргүзүлсүн.
7.Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү ашыра аткарылган учурда, жергиликтүү бюджеттен Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгына (Коммуналдык ишканалар комбинаты) 22683,0 миң сом суммасында каражаттар каралсын, анын ичинен:
-2014-жылдын карызын жабууга – 3423,0 миң сом;
-шаардын жолдорун оңдоого – 3000,0 миң сом;
-шаардык фонтандын курулушуна – 2000,0 миң сом;
-жашылдандыруу чарбасын кармоого – 500,0 миң сом;
-атайын техника сатып алууга – 3000,0 миң сом;
-көчө жарыгын калыбына келтирүүгө - 3000,0 миң сом;
-светофор объектилерин орнотууга – 3000,0 миң сом;
-ыңгайлаштыруу объектилери боюнча электр энергиясын төлөө - 260,0 миң сом;
-Токмок ш. 3-кичи районундагы мурдагы “Чүй Дан Азыктын” бала бакчасынын имаратына капиталдык оңдоо жүргүзүүгө дем берүү гранттарынын (үлүштүк) эсебинен долбоорду ишке ашыруу үчүн кошо каржылоого 4500,0 миң сом, анын ичинен:
-50 % же 2250,0 миң сом суммасы – акча каражаттары менен;
-50% же 2250,0 миң сом суммасы – материал түрүндө жана эмгек ресурстары.
8.Жергиликтүү бюджеттен каржылануучу бюджеттик уюмдар, бюджеттик жана атайын каражаттар боюнча чыгашалар сметасын жана штаттык тизимди берүүгө милдеттендирилсин.
9. Бюджеттик уюмдарга казына тутумусуз атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулган учурларда, атайын каражаттардын 100% жергиликтүү бюджеттин кирешесине алынат.
10. Токмок ш. бюджеттик уюмдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, коммуналдык кызматтар боюнча (сууга, электр энергиясына, жылуулукка жана байланыш кызматтары) чектөөлөрдү (лимиттерди) так сакташсын.
11. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” мыйзамынын 21-беренесине ылайык, шаардын бюджетин бекитүүдө каралбай калган экономикалык, социалдык-маданий жана башка иш- чаралар боюнча күтүлбөгөн чыгымдарды жабуу үчүн, Токмок шаардык кеңешинин төрагасынын жана Токмок ш. мэринин резервдик фонддору шаардын бюджетинин чыгымдарынын көлөмүнө карата 1% чегинде түзүлсүн (0,3% чейин- Токмок шаардык кеңешинин төрагасынын жана 0,7% чейин Токмок ш. мэринин).
12. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссияга жүктөлсүн.
Төрага |
Р. Таманбаев |