Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 24-апрели № 49/9-3
Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын Регламентин бекитүү жөнүндө
Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын башкаруучусунун м.а. маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, туруктуу депутаттык комиссиясынын чечиминин негизинде
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын Регламенти бекитилсин (Регламент тиркелет).
2. Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан Регламент орнотулган тартипте каттоодон өткөрүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алууну, Токмок ш. вице-мэрине жана орто жана кичи бизнести, ишкерликти ѳнүктүрүү боюнча, коммуналдык менчикти кѳзѳмѳлдѳѳ боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Р. Таманбаев |
Токмок ш. Кеңешинин
2013-жылдын 24 апрель
№49/9-3 токтому менен
бекитилген
Токмок ш. Муниципалдык менчик
башкармалыгынын регламенти
1.Жалпы жоболор
1.1. Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгынын ушул Регламенти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы "Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндөгү" №517 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамага, Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 4-майындагы №67 "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндөгү" Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 "Жеке менчик үй курууга жер тилкелерин берүү тартиби жөнүндөгү" жобого, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 "Муниципалдык менчиктеги жер тилкелерине акы төлөтүү менен жеке менчик же ижара укуктарын берүү тартиби жана шарттары жөнүндөгү" типтүү жобого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык даярдалды жана Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгынын ишин уюштуруунун негизги принциптерин жана тартибин камтыйт.
1.2. Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгы (мындан ары-ММБ) Токмок ш. мэриясынын түзүмдүк бөлүмү болуп эсептелет, ММБньш адистери өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Токмок шаардык Кеңешинин жана Токмок ш. мэриясынын ченемдик укуктук актыларын, ММБнын башкаруучусунун буйруктарын, ошондой эле Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын жобосун жана ушул Регламентти жетекчиликке алат.
1.3. ММБ, өз ыйгарым укуктарынын алкагында, башкаруунун жана бийликтин мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле башка мекемелер, ишканалар, уюмдар жана жарандар менен өз ара байланышта болгондо, Токмок ш. мүлктүк кызыкчылыктарын көрсөтөт.
2.Жарандардын, уюмдардын жана мекемелердин кайрылууларын эсепке алуу (каттоо), кароо жана аткарылышын көзөмөлдөө тартиби
2.1. Жарандардын, уюмдардын жана мекемелердин арыздарын, сунуштарын, эскертүүлөрүн жана даттанууларын кароо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
2.2. Ар бир жаран ММБга кайрылуусу боюнча тиешелүү маалымат алууга укуктуу. Жарандар, уюмдар жана мекемелер мамлекеттик, расмий жана Кыргыз Республикасынын башка элдеринин тилдеринде кайрылууга укуктуу. Жооптор кайрылган тилде берилет. Кайрылган тилде жооп берүү мүмкүнчүлүтү жок болгон учурда, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тили пайдаланылат.
2.3. ММБга документтерди жеткирүү чабарман аркылуу же почта, электрондук байланьпы аркылуу жүргүзүлөт.
2.4. ММБга түшкөн жана катталуучу документтерди ММБньш катчы-иш жүргүзүүчүсү кабыл алат, каттайт, ММБньш жетекчилигине кароого жөнөтөт. Андан кийин документтер резолюциясы менен аткаруучуларга берилет.
2.5. Жазуу түрүндөгү кайрылуулар, ал катталган күндөн баштап 30 күндүн ичинде каралат. Текшерүү зарыл болгондо, кошумча материалдар талап кылынган учурларда, кайрылууну кароо мөөнөтү 30 күнгө узартылат.
2.6. ММБнын катчы-иш жүргүзүүчүсү жарандардын кайрылууларын аткаруу боюнча ММБнын кызматкерлеринин иштеринин абалын жетекчиликке билдирип турат.
2.7. Иш кагаздарынын абалы, аны жүргүзүүнү уюштуруу жоопкерчилиги ММБнын башкаруучусуна жана башкаруучунун орун басарына жүктөлөт.
2.8. Жарандардын, уюмдардын, мекемелердин кайрылууларын кароо боюнча иштердин жыйынтыгы, ММБнын жетекчилигиндеги жыйындарда дайыма каралат.
2.9. ММБнын кызматкерлери даярдаган ички документтер (тапшырмалар, кызматтык каттар, маалыматтар, докладдык каттар, отчеттор ж.б.), ММБнын жетекчилиги тарабынан каралат, андан кийин аткаруу үчүн берилет.
3.Жарандарды кабыл алуу тартиби
3.1. ММБньш ишмердүүлүгүнө тиешелүү болгон маселелер боюнча, жумасына бир жолудан кем эмес, ММБньш жетекчилиги жарандарды жеке кабыл алат. Кабыл алуу ММБ белгилеген күндөрдө жана сааттарда жүргүзүлөт. Жеке кабыл алууда жаран өздүгүн күбөлөндүрүүчү документин көрсөтөт. Республиканын алыскы аймактарынан келген жарандар, кезексиз кабыл алууга укуктуу. Кабыл алуудан баш тартууга жол берилбейт.
3.2. ММБныш жетекчилиги тарабынан жарандарды кабыл алуунун уюштуруу, ММБньш катчы-иш жүргүзүүчүсүнө жүктөлөт.
4. ММБнын бөлүмдөрүнүн иштөө тартиби.
4.1. Жеке турак үй курууга же акы төлөө менен жеке менчикке же ижарага жер тилкесин алууну каалаган жаран же уюм, мекеме, белгиленген форма боюнча Токмок ш. мэриясына арыз берет. Андан кийин арыз резолюциясы менен ММБга берилет. ММБньш жетекчилиги, ММБнын бөлүмдөрүнүн бекитилген жоболоруна ылайык, резолюциясы менен ММБнын бөлүмдөрүнө аткаруу үчүн берет.
4.2. ММБнын бөлүмдөрү арыздарды кароого алганда, бөлүм башчылары тиешелүү адиске Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кароого берет.
4.3. Жеке турак үй курууга жер тилкесин алууга арыздын негизинде, ММБньш муниципалдык менчик объектилерин ажыратуу боюнча бөлүм карап чыгат жана жер тилкесин алууга кезекке тургандардын тизмесин түзөт.
4.4. Жеке турак үй курууга жер тилкелери Кыргыз Республикасынын жарандарына, берилген арыздарына ылайык жана кезеги менен берилет.
4.5. Жер тилкелерине жеке менчик же ижара укуктарын акы төлөтүү менен берүү, соодалашууларда (аукцион, конкурс) же түз сатуу жолу менен берилет.
4.6. Комиссиянын кароосуна жер тилкелерине ижара укугун берүүгө документтерди даярдоо, Ижарага, баш аламан соодага көзөмөл жана муниципалдык менчик объектилерин каттоо боюнча бөлүм тарабынан жүргүзүлөт.
4.7. Жеке менчик же ижара укуктарын берүү жол-жоболору ММБньш муниципалдык менчик объектилерин ажыратуу боюнча бөлүмү тарабынан жүргүзүлөт. Бош жер тилкелери болгон учурларда, ММБнын муниципалдык менчик объектилерин ажыратуу боюнча бөлүм тиешелуу арызды карап, докементтерди топтогондон кийин, Токмок ш.курулуш жана жерди пайдалануу комиссиясына кароого берет (мындан ары-комиссия).
Комиссия, белгиленген тартипте, тиркелген документтер менен кошо арызды карап чыгат жана жер тилкесин берүү же жер тилкесин берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
Комиссиянын чечими тиешелүү протокол менен таризделет, ал протокол Токмок ш. мэриясынын жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндөгү токтомунун долбоорун даярдоо үчүн негиз болуп саналат.
4.8. Токмок ш. муниципалдык менчигиндеги жашоого жараксыз имараттарды ижарага берүү боюнча арыздар, Ижарага, баш аламан соодага көзөмөл жана муниципалдык менчик объектилерин каттоо боюнча бөлүм тарабынан каралат.
4.9. Комиссиянын документтерди кароо жыйынтыгы боюнча, муниципалдык менчик объектилерин ажыратуу боюнча бөлүм тарабынан иш көктөмөлөрү түзүлөт, мыйзам менен белгиленген тартипте ММБнын архивине берилет.
4.10. Токмок ш. муниципалдык менчигинин ар бир бирдигине өзүнчө иш көктөмөлөрү түзүлөт. Иш көктөмөлөрү документтердин түшүшүнө жараша, кыймылсыз мулк менен ар кандай операциялар жүргүзүлгөндө толукталат. Архивдик иштен кандайдыр бир документтерди алууга, жазууларды, анын ичинде тизмекти оңдоого, чийип салууга, сызууга тыюу салынат.
4.11. Архивдик документтерди берүү, ММБнын жетекчилигинин резолюциясына ылайык жүргүзүлөт.
5.Ченемдик-укуктук актыларды даярдоо.
5.1. Ченемдик-укуктук актылардын тексттик бөлүктөрү (мындан ары-акт), киришмеге же констатациялык жана буйруктук-токтом бөлүгү болуп экиге бөлүнөт.
Киришме, актыны негиздөө үчүн керек. Анда актыны чыгаруу үчүн себеп же шылтоо болгон иш жүзүндөгү кырдаалдар жана жүйөөлөр көрсөтүлөт, ошондой эле мыйзамдарга же башка ченемдик актыларга шилтемелерди камтышы мүмкүн, аларга ылайык ошол документтер кабыл алынат. Киришмеге ченемдик мүнөздөгү жоболор киргизилбейт. Токтомдордо киришмелер "токтом кылам" деген сез менен аяктайт.
Актынын буйруктук бөлүгүндө кимге, кандай аракет жасоо керектиги жана аткаруу мөөнөтү көрсөтүлөт.
Токтомдордун тиркемелерине, актыны талаптагыдай пайдалануу үчүн зарыл болгон, Токмок ш. курулуш жана жерди пайдалануу комиссиясынын терагасы жана катчысынын колдору коюлган протоколдун көчүрмөсү кошулат.
Кийинки пункттарда аткаруучулардын максаттуу аракеттери көрсөтүлөт, башкача айтканда, ар бир пункт аткаруучуну көрсөтүүдөн башталат (мекеме, уюм же кызмат адамы), андан кийин тапшырылуучу так аракет көрсөтүлөт.
Акыркы пунктта актыда көрсөтүлгөн тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлгө ала турган мекемелер, уюмдар же кызмат адамдары көрсөтүлөт.
6.Аткаруу көзөмөлү
6.1. Аткарууну уюштуруу жана текшерүү ММБньш негизги иши болуп саналат, төмөнкүлөр кеземелге алынат:
-жогорку баскычтагы органдардын жана областтын, республиканын кызмат адамдарынын ченемдик укуктук актылары;
-шаардык Кецештин,Токмок ш. мэриясынын ченемдик укуктук актылары;
-Токмок ш. мэринин, вице-мэрлеринин тапшырмалары;
-жарандардын, уюмдардын мекемелердин кайрылуулары.
6.2. Аткаруу көзөмөлү өз убагында аткарууну (аткаруу мөөнөтү) жана сапаттуу аткарууну (жооптордун толуктугу жана тактыгы),аткаруунун жыйынтыктарын жалпылоо жана бул жөнүндө жогорку баскычтагы органдарга билдирүүнү камтыйт.
6.3. Актылардын мөөнөттөрү жана талаптары өз убагында жана сапаттуу аткаруу жоопкерчилиги, ММБнын жетекчилигине жүктөлөт.
6.4. Документтердин аткарылышына техникалык көзөмөл жүргүзүү, ММБньш катчы-иш жүргүзүүчүсүнө жүктөлөт.
6.5. Документтерди аткаруу мөөнөтү, ММБда катталган күндөн баштап (эгер резолюцияда аткаруунун башка мөөнөтү көрсөтүлбөсө) 30 күндөн ашпаш керек.
6.6. Аткаруу мөөнөттөрү, эгер алар ченемдик укуктук актыда же резолюцияда көрсөтүлбөсө, төмөнкүдөй болот:
-Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын тапшырмалар - бир айлык мөөнөт, эгер аткаруунун башка мөөнөтү белгиленбесе;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмалары - жетекчиликтин резолюциясында көрсөтүлгөн мөөнөттө аткарылат, белгиленбеген мөөнөттөрдө -бир айдын ичинде, эгер резолюцияда "тез" деп көрсөтүлсө, документ 3 күндүн ичинде аткарылуусу керек;
-мамлекеттик башкаруунун республикалык жана областтык органдарынын кат-суроо талаптары - эки жумалык мөөнөттүн ичинде;
-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын каттары - кошумча иликтөө жана токтоосуз текшерүү тал ал кылынбаса, бир айга чейинки мөөнөттүн ичинде;
-депутаттык суроо-талап - бир айдын ичинде;
-тез чечимдерди талап кылган телеграммалар - токтоосуз, калгандары 10 күндүн ичинде;
Жарандардын, уюмдардын, мекемелердин кайрылуулары - бир айга чейинки мөөнөттө.
6.7. Токмок ш. мэриясынын документтерин аткаруунун мөөнөттөрүн узартуу, ошондой эле көзөмөлдөн алуу, ММБ резолюциясы менен аткарууга берилген адамдын атына себебин көрсөтүү менен жазуу түрүндө берилген маалыматтын негизинде, Токмок ш. мэриясынын жетекчилиги тарабынан жүргүзүлөт.
6.8. Документте коюлган маселелер боюнча көзөмөл жүргүзүү үчүн, катчы-иш жүргүзүүчү көзөмөлдөгү иштерди алып барат, ал иштерде документти аткаруунун жүрүшүндө топтолгон документтердин көчүрмөлөрү болуш керек (андан кийин ММБньш архивинде сакталат).
6.9. Катчы-иш жүргүзүүчү убактысы менен, документтин белгиленген аткаруу мөөнөтү бүтөрүнө 7-10 күн калганда, аткаруучуларга жакындап калган мөөнөт жөнүндө эсине салат жана документтердин тизмесин жөнөтөт, анда тапшырмалар, өтүп бара жаткан аткаруу мөөнөтү белгиленген.
6.10. Аткаруучулар, катчы-иш жүргүзүүчүгө көзөмөл мөөнөтү бүткүчө, аткаруу жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүү.
6.11. Катчы-иш жүргүзүүчү жазуу түрүндөгү маалыматтын, текшерүүлөрдүн жана башка түшкөн материалдардын негизинде, жогорку баскычтагы органдардын ченемдик укуктук актыларын ишке ашыруунун жүрүшү, жарандардын, уюмдардын, мекемелердин кайрылууларынын, ошондой эле Токмок ш. жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун жетекчилеринин тапшырмаларынын жана көрсөтмөлөрүнүн аткарылышы жөнүндө ММБньш жетекчилигине маалымат жөнөтөт.