Загрузка документа…
Кайыңды шаардык кеңешинин 2018-жылдын 10-сентябрындагы № 70/XXIV токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 12-февралы № 11/IV-2
Кайынды шаарынын мэриясынын Жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Айрым шаар тибиндеги кыштактарды шаарга айлантуу жана аны шаар же айыл категориясына кошуу “Мыйзамынын, 19 беренесинин, 27.09.2012 жылда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “ Филиалдын, юридикалык инсандардын мамлекеттик каттоосу” 12Мыйзамдын 4 беренесин аткарылышы максатында Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кайыңды шаарынын мэриясынын Жобосун бекитип Чуй-Бишкек юстиция Башкармалыгына мамлекеттик юридикалык жарандардын реестрына кошуу үчүн жөнөтүлсүн.
Кайынды кыштактын депутаттарынын сессиясынын Жобосун № 113/ xxx-4 02.11.2012 жылкы, көзөмөлдөн алынсын.
Ушул токтомдун, ошондой эле токтомдун кайра каттоосу, андагы көрсөтүлгөн мамлекеттик кайра каттоо документтер анык жана мыйзам менен коюлган маселелер юридикалык инсандарды кайра каттоосу мамлекеттик органдар менен, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдар менен макулдашылган, көзөмөлү такталат.
Төрага |
Абдрасулов у. Б. |
Кайыңды шаардык кеңешинин
2013-жылдын 12-февралындагы
№11/IV-2 токтому менен
бекитилди
Чүй облусунун Панфилов районундагы
Кайыңды шаарынын мэриясынын
Жобосу
1. Жалпы жобо
1.1. «Чүй облусунун Панфилов районундагы Кайыңды шаарынын мэриясы» Кайыңды шаарынын жергиликтүү ѳз алдынча башкаруусунун аткаруу органы болуп саналат.
1.2. Укуктук-уюштуруу түрү боюнча Мэрия – мекеме болуп саналат.
1.3. «Чүй облусунун Панфилов районундагы Кайыңды шаары» мекемеси «Чүй облусунун Панфилов районундагы Кайыңды кыштактык башкармалыгы» мекемесинин милдеттерин жана укуктарын кабыл алган мекеме болуп саналат.
1.4. Расмий аталышы:
- кыргыз тилинде – «Кайыңды шаарынын мэриясы Панфилов району Чүй облусу» Мекеме
- орус тилинде – Учреждение «Мэрия города Каинда Панфиловского района Чуйской области»
Кыскартылган аталышы:
- кыргыз тилинде – «Кайыңды шаарынын мэриясы Панфилов району Чүй облусу» М-е
- орус тилинде – У-е «Мэрия города Каинда Панфиловского района Чуйской области»
1.5. Менчиктик түрү – муниципалдык
1.6. Мэриянын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Панфилов району, Кайыңды шары, Садовый кичи кѳчѳсү №7.
1.7. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун каржы жана үнѳм негиздери жѳнүндѳ» мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын «Муниципалдык кызмат жѳнүндѳ» мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын «Мүлккѳ болгон муниципалдык менчик тууралуу» мыйзамынын жана Кыргыз Республикасында ѳз алдынча башкаруунун ишмердүулүгүн жана иштешин жѳнгѳ салуучу укук-ченемдик актыларына ылайык иштелип чыкты.
1.8. Мэр – ѳз алдынча башкаруу тутумундагы шайлануучу кызмат адамы, аткаруу органынын – мэриянын жетекчиси, шаар аймагында ѳзүнүн ыйгарым укугунун чегинде, мамлекеттен ѳкүлдѳнгѳн мамлекеттик саясатты жана аткаруу бийлигин жүргүзүүгѳ жооптуу.
1.9. Кайыңды шаарынын мэриясы, Кайыңды шаарынын аймагында мэрдин ыйгарым укугун жана функцияларын ишке ашыруу үчүн түзүлгѳн аткаруучу жана тескѳѳчү орган болуп саналат.
1.10. Кайыңды шаарынын мэриясы ѳзүнүн ишин алып барууда Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Указдары жана Буйруктары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын ѳкмѳтүнүн Токтомдору жана Буйруктары, Кайыңды шаардык кеңешинин токтомдору жана ушул Жобого таянат.
1.11. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кайыңды шаарынын мэриясы жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун уюштуруу-укуктук формасы жана юридикалык макамы, ѳз алдынча балансы, муниципалдык менчиги, мамлекеттик жана расмий тилдерде ѳзүнүн аты жана атайын белгилери бар, мамлекеттик белгилери менен мѳѳрү, штампы бар жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын банк мекемелеринде эсептик жана башка счеттору бар аткаруучу-тескѳѳчү органы болуп саналат.
2. Кайыңды шаарынын мэриясынын жана мэрдин негизги ыйгарым укуктары жана иш милдеттери
2.1. Кайыңды шаарынын мэри
1) ыйгарым укуктарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Президенттин жана Ѳкмѳттүн актыларынын, шаардын уставынын, шаардык кеңештин чечимдеринин сакталышын жана аткарылышын уюштурат;
2) мэриянын, шаарды турмуш-тиричилик жактан тейлеген мекемелердин, муниципалдык ишканалардын ишкерлигин жетектейт жана алардын ишинин жыйынтыгы үчүн жооп берет;
3) вице-мэрди, түзүм бѳлүкчѳлѳрүнүн жетекчилерин жана аппарат кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде кызматка бекитет жана бошотот.
4) жергиликтүү маанидеги маселерди жүргүзѳт,жергиликтүү кенештин ыйгарым укугунан тышкары, бѳлүнүп берилген мамлекеттин ыйгарым укуктарын жүргүзѳт;
5) бѳлүнүп берилген мамлекеттин ыйгарым укутарынын тийиштүү деңгээлде аткарылышына керт башы менен жооп берет;
6) мамлекеттик, бейѳкмѳт, коомдук жана башка Кыргыз Республикасынын мекеме- ишканаларында жана чет ѳлкѳлѳрдѳ Кайыңды шаарынын ѳкүлү болот;
7) кызматка киришкен мезгилден 3 айдан кем эмес мѳѳнѳттѳ Кайыңды шаарынын социалдык-экономикалык ѳнүгүүсүнүн долбоорун иштеп чыгууну камсыз кылат жана шаардык кеңешке бекитүүгѳ сунуштайт;
8) шаар бюджетинин долбоорун шаардык кеңешке бекитүүгѳ сунуштайт, жыл ичинде 2 ден кем эмес жолу, шаардын ишинин жалпы абалы, бюджеттин аткарылышы, муниципалдык менчиктин жана бюджеттен тышкаркы фонддун колдонулушу, социалдык-эконономикалык ѳнүгүү программасынын аткарылышы, калктын социалдык камкорсуздугу тууралуу шаардык кеңештин алдында отчет берет;
9) мыйзамдарга ылайык, шаардык кеңешке жергиликтүү салык жана жыйындарды киргизүү тууралуу сунуш киргизет;
10) шаардык кеңештин сессиясын чакыруу тууралуу сунуш киргизет, анын ишине катыша алат;
11) бекитилген тартипке ылайык, Президенттин алдында мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу тууралуу сунуш киргизе алат;
12) ыйгарым укуктарынын негизинде буйрук, токтом, чечимдерди тастыктоочу биринчи кол тамгага ээ жана алар Кайыңды шаарынын аймагында милдеттүү түрдѳ аткарылышы абзел;
13) жана башка дагы ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларына ылайык жүргүзѳт.
2.2. Кайыңды шаарынын мэриясы
1) шаардын калкына маданий, социалдык тейлѳѳ кѳрсѳтѳт жана турмуш-тиричилигинин ѳнүгүүсүн уюштурат;
2) шаардын бюджетинин долбоорун иштеп чыгат жана аны шаардык кенештин бекитүүсүнѳн кийин аткарылышын камсыздайт;
3) шаардын социалдык-экономикалык ѳнүгүү программасын, калктын социалдык коргоосун иштеп чыгат, камсыз кылат жана аны шаардык кеңештин бекитүүсүнѳн кийин аткарылышын камсыздайт;
4) шаардын ѳнүгүүсү үчүн инвестиция жана гранттарды демѳорчүлүк жардамдарды тартат, алардын максаттуу жана эффективдүү колдонуулусун камсыздайт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шаардын ѳнүгүү фондун жана башка дагы ушул максаттагы бюджеттен тышкаркы топтомдорду түзѳт;
5) маданий, архитектуралык, тарыхый эстеликтерди коргоо тууралуу иш-чараларды уюштурат;
6) жерлерди, муниципалдык менчик объектилерин рационалдуу колдонуу тууралуу иш-чараларды иштеп чыгат жана алардын шаардык кеңеште бекитилгенден кийин аткарылуусун камсыз кылат;
7) тийиштүү мекемелердин макулдашуусунда, маданий-социалдык, тиричилик жана чарба багытындагы объектилерди жана алардын тийиштүү шаймандарын менчиктештирүүдѳ, баланска кабыл алууда катышат;
8) шаардык бюджетке үзгүлтүксүз киреше түшүрүү максатында, салык базасын кеңейтүү жана тереңдетүү, шаардын экономикасынын туруктуулугун ѳркүндѳтүү тууралуу иш чараларды аткарат;
9) шаардын турак-жай фондусун ѳнүктүрүү, турмуш-тиричилик, коммуналды чарба жана кѳрктѳндүрүү боюнча иш чараларды иштеп чыгат жана анын аткарылышын камсыз кылат;
10) шаардын башкы курулуу планын иштеп чыгат жана ишке ашырат, архитектуралык ченемдердин, шаар курулушунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сакталышына кѳзѳмѳл жүргүзѳт;
11) табигый кырсыктардын, ѳзгѳчѳ кырдаалдын алдын алуу, алардын кесепетин жоюу боюнча практикалык-уюштуруу жана мобилизациялоону жүзѳгѳ ашырат;
12) жергиликтүү маанидеги маселелерди эфективдүү чечүү максатында муниципалдык мекемелерди, коммерциялык эмес ишканаларды түзѳ алат, жергиликтүү гезит, үналгы, сыналгыны уюмдаштыра алат, акционердик коомдорго катыша алат;
13) социалдык мобилизациялоо жана жакырчылык менен күрѳшүү боюнча комплекстүү программаларды иштеп чыгат жана ишке ашырат жана дагы шаардын калкынын ар кандай категориядагы жеңилдиктерди, жарандарга жѳлѳк пулдардын жана пенсиялардын толук кѳлѳмдѳ жан ѳз убагында тѳлѳнүшү үчүн кам кѳрѳт;
14) шаардын калкына маданий-социалдык жана башка тейлѳѳлѳрдүн кеңири жетишин, туризм, спорт, маданият, билим системасынын ѳнүгүүсү тууралуу комплекстүү программаларды жүзѳгѳ ашырат;
15) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык шаарда тейлѳѳ, сооданы ѳнүктүрүү, унаа жактан тейлѳѳнү жакшыртуу үчүн комплекстүү чараларды кѳздѳйт жана жүзѳгѳ ашырат;
16) камкор жана кѳзѳмѳлчүлѳрдү дайындайт, алардын милдетин аткаруусун кѳзѳмѳлгѳ алат;
17) укук коргоо органдары менен биргеликте укук бузунун алдын алуу, коомдук тартипти сактоо боюнча комплекстик чараларды иштеп чыгат жана ушул маселелерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талабына жана шаардын жобосуна ылайык жүзѳгѳ ашырат;
18) жарандардын жыйынын, шаар тургундарынын шаар жетекчилери менен жолугушуусун, шаардык курултайларды, «ашарларды», ишембиликтерди жана дагы ушул сыяктуу шаардыктардын катышуусу менен болгон шаардын кѳрктѳндүрүүсүн уюштурат;
19) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дагы башка ыйгарым укуктарды жүзѳгѳ ашырат.
3.Мэриянын ишмерлигинин уюштуруу-укуктук негиздери
3.1. Мэриянын тутумдук түзүлүшү мэрден, вице-мэрден, аппарат жетекчисинен, Кыргыз республикасынын мыйзамдарына ылайык мэрия тарабынан уюмдалган кызматтык жана башка тутумдук бѳлүмчѳлѳрдѳн турат.
3.2. Вице-мэрди, аппарат жетекчисин, бѳлүмдѳрдүн башчыларын, ѳзүнүн жардамчысын кызматтан бошотуу мэр тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тѳмѳнкү негиздерде жүргүзүлѳт:
- жооптуу тапшырмаларды аткарбаганда;
- бир нечежолу эмгек тартибин одоно бузганда;
- ишенимден кеткен учурда.
3.3. Мэриянын тутуму жана штаттык тизмеси Кыргыз Республикасыын тийиштүү токтомунун негизинде Кайыңды шаардык кеңеши тарабынан бекитилет, кошумча штаттык бирдиктер Кайыңды шаардык кеңешинин макулдугу менен киргизилет.
3.4.Мэриянын алдында 7-9 кишиден турган кеңешме орган – Кеңешме түзүлсѳ болот, ал органга вице-мэр, аппарат жетекчиси, коомчулуктун ѳкүлдѳрү, шаардын аймагындагы мекеме жана ишканалардын эмгек жамаатынын мүчѳлѳрү кире алышат.
3.5. Кеңешменин жумушун мэр жетектейт, ал жок учурда вице-мэр жетектейт.
3.6.Мэриянын кеңешмеси ѳзүнүн отурумун кварталда бир жолудан кем эмес ѳткѳрѳт, ѳзүнүн иш билгилик чегинде кѳпчүлүк добуш менен токтом кабыл алат жана ал токтом шаардын аймагында сѳссүз түрдѳ аткарылышы абзел.
3.7. Күнүмдүк жана оперативдүү маселелер боюнча мэрия тарабынан ыйгарым укугунун чегинде, ѳзүнүн чечим, буйрук кабыл алынат жана алар шаардын аймагында сѳссүз түрдѳ аткарылышы абзел.
3.8. Мэрия керек болгон учурда шаардык кенештин сессиясын чакыруу тууралуу сунуш киргизет, анын ишинде мэр кеңешме укуктуу добуш менен катыша алат.
3.9. Мэриянын ишмердүүлүгү кварталга, жылга мэриянын аппараты тарабынан берилген сунуштардын негизинде түзүлгѳн мерчемге ылайык жүргүзүлѳт.
4. Кайыңды шаарынын мэриясынын ишмердүулүгүнүн каржы жана үнѳм негиздери
4.1. Кайыңды шаарынын бюджети (мындан ары текст боюнча «жергиликтүү бюджет») мэрия тарабынан түзүлѳт жана шаардык кеңештен бекигенден кийин аны аткарат.
4.2. Жергиликтүү бюджеттин киреше бѳлүгүн жергиликтүү салыктар жана салыктан тышкаркы түшкѳн жыйындар, республикалык деңгээлде бѳлүнгѳн салыктар жана кирешелер, трансферттер, гранттар, шаардын пайдасына берилген ыктыярдуу тѳлѳмдѳр түзѳт.
4.3. Жергиликтүү салыктардан, салыктан тышкары келген жыйындардан жергиликтүү бюджетке түшкѳн кирешелерди бѳлѳк деңгээлдеги бюджетке алып койгонго болбойт.
4.4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, кошумча жергиликтүү салык жана жыйындарды киргизүү тууралуу мэрия шаардык кенешке сунуш киргизе алат.
4.5. Ченемдик чегерүүгѳ бѳлүнүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен бекитилген жергиликтүү бюджетти аткарууда түшкѳн кошумча кирешелер, жана дагы жылдын аягында кирешенин ашыгы менен аткарылышынын натыйжасында түшкѳн каражаттар, чыгашадан үнѳмдѳлгѳн каражаттар мэрияда калат жана алып койууга болбойт, бул каражаттарды сарптоо шаардык кеңештин макулдугу менен пайдаланылат.
4.6. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, шаардын аймагында ѳнүгүү долбоорлорун жана программаларын ишке ашыруу максатында гана шаардык кенештин жана Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин макулдугу менен, мэрия кыска мѳонѳттѳгү (бир жылга чейин), орто мѳѳнѳттѳгү (бир жылдан беш жылга чейин), узак мѳѳнѳттѳгү (беш жылдан жогору) зайымдарды муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу жолу менен ишке ашыра алат.
4.7. Социалдык-экономикалык программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруу максатында мэрия бюджеттен тышкары фонддорду түзѳ алат, бул фонддорго Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү бюджеттерге чегерилүүчү салыктар жана башка тѳлѳмдѳр жолдонушу мумкүн эмес. Бул фонддордун каражаттарынын калыптаныш, пайдалануу жана кѳзѳмѳлдѳѳ тартиби шаардык кеңеш тарабынан бекитилет.
4.8. Шаардык каржы жана казына бѳлүмдѳрү, салык кызматы мэрияга жергиликтүү бюджеттин жана бюджеттен тышкаркы фонддордун киреше жана чыгашалары тууралуу маалыматты ѳз убагында жана үзгүлтүксүз берип туруулары зарыл.
4.9. Мэриянын экономикалык ишмердүүлүгүнүн негизин кыймылсыз жана кыймылдуу муниципалдык мүлк, акча каражаттары жана баалуу кагаздар, шаардын аймагындагы жаратылыш ресурстары, жарандык укуктун объектилери, шаардын аймагында ѳз ишмердүүлүгүн жүргүзгѳн мекеме, ишкана, уюмдар түзѳт.
4.10. Мэрия муниципалдык ишкана, мекемелерди, коммерциялык эмес уюмдарды түзүүгѳ акылуу жана дагы шаардын эффективдүу ѳнүгүүсү н камсыздоо жана пайда табуу максатында акционердик коомдорго катышууга акылуу.
4.11. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мэрия турак-жай-коммуналдык жана жергиликтүү жамааттын жер маселелерин чечүүгѳ, муниципалдык менчикти соода шарты менен дагы, болбосо түз сатуу жолу менен дагы сатууга, же болбосо менчик турак-жайы жок жарандарга жер тилкелерди курулуш иштерин жүргүзүүгѳ, же менчик турак-жай курууга кайтарымсыз берүүгѳ акылуу.
4.12. Мэрия, жергиликтүү жамааттын тиричилик-коммуналдык тейлѳѳсүн, маданий-социалдык жана башка керектѳѳлѳрүн канааттандырыш үчүн ѳндүрүш продукциясына муниципалдык тапшырык кылганга акылуу.
5. Мэриянын мамлекеттик бийлик органдары менен карым- катышы
5.1. Калктын жергиликтүү ѳз алдынча башкарууда укугун жүзѳгѳ ашырууда, жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун ѳнүгүүсүнѳ жана калыптанышына мамлекеттик бийлик органдары укуктук, уюштуруучулук, материалдык-каржы жактан тийиштүү шарт түзүп беришет.
5.2. Кыргыз Республикасынын укуктук-ченем актыларына ылайык жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары кайсы бир мамлекеттик ыйгарым укуктарга ээ боло алат жана алардын тийиштүү иш милдеттерин аткаруу үчүн буларга материалдык жана каржы каражаттары кошо берилет.
5.3. Мэриянын мамлекеттик бийлик органдары менен болгон карым-катышы Кыргыз Республикасынын колдонулуп жаткан мыйзамдарына ылайык жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун жана мамлекеттик бийликтин иш милдеттеринин ченелген принциптеринин негизинде түзүлѳт.
5.4. Шаардык кеңештин макулдугу менен жергиликтүү жамаатка ар тармактуу тейлѳѳлѳрдү кѳрсѳтүүнү эффективдүү жана ыкчам камсыздоо үчүн мэрия мамлекеттик жана башка органдар менен кызматташа алат жана аларга кандайдыр бир ыйгарым укуктарды, бюджеттик каражатты, муниципалдык менчикти берүүгѳ акылуу.
5.5. Мэрия, аймактык–коомдук ѳз алдынча башкаруу органдары (кеңештер, кѳчѳ жана квартал комитеттери жана башка тургундардын жергиликтүү шартка жана салтка ылайык түзүлгѳн органдар) менен кызматташа алат жана аларга кандайдыр бир ыйгарым укуктарды, бюджеттик каражаттарды, муниципалдык менчикти келишимдин негизинде шаардык кеңештин макулдугу менен ѳткѳрүп бере алат же болбосо бѳлүшѳ алат.
6. Мэриянын ишмердүулүгүнүн токтошу
6.1. Мэриянын ишмердүулүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурда токтойт.
6.2. Мэриянын ишмердүүлүгүндѳ түзүлгѳн бардык каражат жана башка документтер, ал жоюлганда Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду» мыйзамынын талаптарына ылайык пайдаланылат жана сакталат.
7. Кайыңды шаарынын мэриясынын Жобосуна
ѳзгѳрүүлѳрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби
7.1. Кайыңды шаарынын мэриясынын Жобосун, ага ѳзгѳртүүлѳрдү жана толуктоолорду шаардык кеңеш аркылуу депутаттардын жалпы санынын үчтѳн биринен кем эмес бѳлүгүнүн сунушу менен кабыл алынат.
7.2. Кайыңды шаарынын мэриясынын Жобосун, ага ѳзгѳртүүлѳрдү жана толуктоолорду шаардык кеңеш аркылуу депутаттардын кѳпчүлүк бѳлүгүнүн добушу менен кабыл алынат.
7.3. Мэриянын Жобосуна ѳзгѳртүүлѳр жана толуктоолор же болбосо Жобонун жаңы редакциясы мамлекеттик кайрадан каттоодон ѳткѳндѳн мезгилден баштап күчүнѳ кирет.