Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-январы № 1
Күн тартибиндеги маселе :
Күн тартибиндеги, Чаек айыл аймагынын айыл-өкмөтү мекемесинин, Чаек айыл өкмөтү тарабынан кызмат көрсөтүү боюнча кайрылуусу жөнүндө
Чаек айыл аймагынын айылдык Кенешинин сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинен берилүүчү тиешелүү (пособиеге, соц фондго, соц коргоо башкармалыгына, РВК, ооруканага, мектепке, иштеген жерине, миграцияга, кредитттин баардык бөлүмдөрүнө
ж. б) маалымдамалар акысыз бекер берилсин.
2. Чаек айылында жашаган жарандар үйүнө таза суу киргизүү үчүн айыл өкмөтү тарабынан буйрук чыгарылып үйүнө суу киргизсе- 200 (эки жүз) сом,
Айыл өкмөтүнөн өзүнө тиешелүү көмүрдүн күлү үчүн маалымдама алса тоннасына-100 (жүз) сомдон алынып, айыл өкмөтүнүн бюджетине төлөнсүн.
3. Жогорудагы аталган суммалар Жумгал райондук РСК банкына, Чаек айыл өкмөтүнүн атайын каражат счетуна төлөнсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Чаек айыл өкмөтү мекемесинин финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи Г. Карымшаковага тапшырылсын.
Төрага |
А. Бөдөшбеков |