Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-январы № 4
«2014-2017»-жылдардын мезгилинде Кыргыз Респбуликасынын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын» негизинде Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн «Жол картасын» талкуулап бекитүү жөнүндө
Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин № 1,2 токтомдорунун негизинде Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2014-жылдан 2017-жылга чейинки туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын негизинде иштелип чыккан «Жол картасынын» болжолдуу долбоорунун алымча кошумчаларын жана толуктоолорун аны аткаруу маселелери боюнча депутаттардын сунуштарын жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин сунуштарын угуп жана эске алып
Чаек айылдык Кещеши жана айыл өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-2017-жылдардын мезгилинде Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын негизинде Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн «Жол картасы» (өнүгүү) планы бекитилсин.
2. Бул Токтом Мамлекеттик нормативдик укуктук актыга киргизүүгө жана каттоого алууга Нарын облустук адилет башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыялангандан баштап күчүнө кирсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин башчысына жана тиешелүү кызмат адамдарына жүктөлсүн.
Төрага |
А. Бөдөшбеков |