Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 18- марты № 3
Күн тартибиндеги маселе:
Күн тартибиндеги Чаек айыл аймагындагы көчө боюндагы камоктордон (дүкөндөрдөн), менчиктин түрүнө карабастан көчө боюндагы жашаган жашоочулардын таштандыларын чыгаруу үчүн ар бир түтүндөн ай сайын 100 (жүз) сомдон акча каражатын чогултуу боюнча, Чаек айыл өкмөтүнүн жашылдандыруу, көрктөндүрүү бөлүмүнүн административдик чарба бөлүмүнүн башчысы Ж. Осмоновдун кайрылуусу жөнүндө
Чаек айыл аймагынын айылдык Кенешинин сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чаек айыл аймагындагы көчө боюндагы камоктордон (дүкөндөрдөн), менчиктин түрүнө карабастан 100(жүз) сом, көчө боюндагы жашаган жашоочулардын таштандыларын чыгаруу үчүн ар бир түтүндөн ай сайын 50 (элүү) сомдон акча каражаты чогултулсун.
2.Чыгарылган таштандыларды тиешелүү өз аймагына төктүрүүү жагы Чаек айыл өкмөтүнүн жашылдандыруу, көрктөндүрүү бөлүмүнүн административдик чарба бөлүмүнүн башчысы Ж. Осмоновго милдеттендирилсин.
3.Бул Токтом Мамлекеттик нормативдик укуктук актыга киргизүүгө жана каттоого алууга Нарын облустук адилет башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Чаек айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары Н. Исмаиловага тапшырылысын
Төрага | А. Бөдөшбеков |