Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 18- марты № 5
Күн тартибиндеги маселе:
Күн тартибиндеги Чаек айыл аймагындагы М. Рыскулов жана Р. Абдиев көчөлөрүнүн жашоочуларынын өз каражатынын эсебинен түнкү жарык (освещение) койдуруу боюнча депутат Н. Аралбаевдин сунушу жөнүндө
Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаек айыл аймагындагы М. Рыскулов жана Р. Абдиев көчөлөрүнүн жашоочуларынын өз каражатынын эсебинен аталган көчөсүнө түнкү жарык (освешение) койдурууга уруксаат берилсин.
2. Электр энергияга кеткен чыгым жашоочулардын өз каражаттарынын эсебинен төлөнсүн.
3. Аталган көчөлөрдү жарыктандырууну уюштуруу жагы депутат Н. Аралбаевге жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаек айылдык Кещешинин төрагасынын орун басары Н. Исмаиловага тапшырылсын.
Төрага | А. Бөдөшбеков |