Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 18- марты № 6
Күн тартибиндеги маселе:
Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин соц. кызматкерлери
Г. Калиялиева, Г. Шаршекеева жана О. Ногойбаев орто мектебинин соц. педагогунун айыл өкмөтүндө жалгыз бой, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жардамга муктаж үй-бүлөөлөргө жардам берүү жана Актатыр айылындагы Жокин уулу Жанбулат өзү мектеп жашында жана ата-энеси каза болуп калгандыгына байланыштуу, айыл өкмөтүнүн бюджетинен ай сайын төлөп берүү боюнча
Чаек айылдык Кенешинин сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл өкмөтүндө жалгыз бой, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жардамга муктаж үй-бүлөөлөргө жардам берүү боюнча акча каражаты, Чаек айыл аймагынын айыл-өкмөтү мекемесинин 2014-жылдагы бюджетине (сметанын негизинде) каралган акча каражатынан 50 000 (элүү мин ) сом акча бөлүнүп берилсин.
2.Чаек айыл аймагындагы Актатыр айылындагы Жокин уулу Жанбулат өзү мектеп жашында жана ата-энеси каза болуп калгандыгына байланыштуу, Жокин уулу Жанбулатка 2014-жыл үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен ай сайын 500 (беш жүз) сомдон акча каражаты төлөнүп берилсин.
3. Бөлүнгөн акча каражатын өз багытында сарпталышын көзөмөлдүк кылуу Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү-мекемесинин финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г. Карымшаковага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаек айылдык Кещешинин төрагасынын орун басары Н. Исмаиловага тапшырылсын.
Төрага | А. Бөдөшбеков |