Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 18- марты № 11
Күн тартибиндеги маселе :
Чаек айыл аймагынын айыл-өкмөтү мекемесинин 2012-жылдагы бюджетинин аткарылышы, 2014-жылдын бюджетин жана 2015-2016 -жылдарга бюджеттин долбоорун бекитүү жөнүндө
Күн тартибинде Чаек айыл аймагынын айыл-өкмөтү мекемесинин 2012-жылдагы бюджетинин аткарылышы, 2014-жылдын бюджетин жана 2015-2016-жылдарга бюджеттин долбоорун бекитүү боюнча Чаек айылдык Кещешинин депутаттарынын сессиясы угуп жана талкуулап ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чаек айыл аймагынын айыл-өкмөтү мекемесинин 2012-жылдагы бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 49453,7 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Чаек айыл аймагынын айыл-өкмөтү мекемесинин 2014 -жылдагы бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 12216,0 мин сомго, анын ичинен
-теңдөө гранты - 1468,5 мин сом
-киреше салыктары- 10747,5 мин сом суммасында бекитилсин.
3. Чаек айыл аймагынын айыл-өкмөтү мекемесинин 2014-жылга айылдык бюджетти бекитүү иш чарасы бекитилсин, жыл ичинде иштин кызыкчылыгы үчүн, Айылдык Кещештин токтомунун негизинде мүмкүнчүлүккө жараша статьяларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы тапшырылсын.
4.Айыл өкмөтүндө эмгек акыга,социалдык коргоого, иш сапарына, коммуналдык чыгымдарга жана ар кандай чыгымдарды чыгымдоодо лимиттен ашпай иш алып баруу жагы финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Карымшаковага милдеттендирилсин.
5. Айыл өкмөтүнүн 2014-жылга айылдык бюджетти кароодо жетпей калган каражат Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинен суралсын.
6.Айыл- өкмөтүнүн айылдык бюджети боюнча жүгүртүүдөгү кассалык калдык накталай акча 5000 (беш мищ) сом суммасында белгиленсин.
7.2015-жылга -12538,5 мин сомго, 2016-жылга -13499, 2 мин сомго бюджеттин долбоору бекитилсин.
8.Бул токтомдун аткарылышын баардык чыгымдар тастыкталган документтердин негизинде өз багытында чыгымдалышын көзөмөлдөө жагы Чаек айылдык Кещешинин финансы-экономика жана пландоо бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Бөдөшбеков |