Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 6-майы № 5
Күн тартибиндеги маселе :
Чаек айыл аймагындагы айыл өкмөтү мекемесинин башчысынын орун басары Э. Акматжанованын билдирүүсү жөнүндө
Чаек айылдык Кенешинин сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин 2011, 2012, 2013-жылдардагы өнбөй калган огород салыгынан -185.7 (Бир жүз сексен беш мищ жети жүз) сом,
2014-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнө кирбей калган огород салыгынан -84.6 (сексен төрт мищ алты жүз) сом жана дыйкан чарба салыгынан кирбей калган 46.2 (кырк алты мин эки жүз) сом.
Баардыгы :316.5 (үч жүз он алты мищ беш жүз) сом бул көрсотүлгөн сумма өндүрүлүп, 2015-жылдын бюджетине киргизилсин.
2. Жогорудагы 2011-2012-2013-жылдардагы өнбөй калган баардык: 316.5 (Үч жүз он алты мищ беш жүз) сомду чогултуу жагы Чаек айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Г. Карымшаковага жана киреше боюнча жетектөөчү адис
С. Касымбекова, Н. Токтомбаеваларга милдеттендирилсин.
3.Жогорудагы аталган сумманы өндүрүүнү көзөмөлдөө жагы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин башчысынын орун басары Э. Акматжановага тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Чаек айылдык Кенешинин финансы-экономика жана пландоо бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Бөдөшбеков |