Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 6-майы № 8
Күн тартибиндеги маселе :
Чаек айыл аймагындагы Бештерек айылындагы Олобай коктусуна жана шортон аймагындагы Майкокту участокторуна таштандыларды төгүү жөнүндө
Чаек айылдык Кенешинин сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаек айыл аймагындагы таштандыларды (мусорлорду) Чаек айыл аймагындагы Бешетерек айылындагы Олобай коктусуна жана Шортон аймагындагы Майкокту участокторуна төгүлсүн.
2. Таштандыларды төгүү үчүн жогорудагы аталган жерден башка төгүлбөсүн, башка жерге төгүлсө Кыргыз Республикасынын талаптарына ылайык, административдик айып салынсын.
3. Таштандылардын төгүлгөн жердин санитардык-гигиеналык талаптары сакталсын.
4. Аталган токтом боюнча Жумгал райондук экологиялык техникалык коопсуздукту сактоо инспекциясына жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору менен бирдикте иш жүргүзүшсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин башчысы О. Жунушалиевге, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү бөлүмүнүн чарба башчысы Ж. Осмоновго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Бөдөшбеков |