Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 26-июну № 2
Күн тартибиндеги маселе :
Күн тартибиндеги, Чаек айыл аймагынын инфраструктурасын көтөрүү максатта Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнө жана “Билим Ордо” мугалимдер фондусуна имарат куруу боюнча
Чаек айыл аймагынын айылдык Кенешинин сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Имараттын проектиси кайрадан каралып, имарат куруу үчүн жер аянтын (Жумгал райондук билим берүү бөлүмү, “Билим Ордо” мугалимдер фондусу деп) бөлүп берүү жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
2.Тиешелүү юридикалык документтерин даярдоо жана мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси, “Билим Ордо” мугалимдер фондусунун аткаруучу директору К. Чаловго милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин жер адиси Ж.Трюмовага тапшырылсын.
Төрага | А. Бөдөшбеков |