Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 26-июну № 6
Күн тартибиндеги маселе :
Жумгал районунун Чаек айылындагы «Шортон» участкасында жайгашкан «Чаек» метерологиялык станциясы «Түндүк-Түштүк» альтернативдик жолу,долбоор боюнча аталган мекеме жайгашкан участокко дал келгендиктен, КР Өкмөтүнүн 26-май 2014 жылдагы № 183-р буйругун, Жумгал райондук администрациясынын башчысынын биринчи орун басары 10-июнь 2014 - жылдагы катын эске алып Чаек айыл аймагындагы « Май –Кокту» участкасынан жер участогун берүү жөнүндө
Чаек айылдык Кенешинин сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Чаек» метерологиялык станциясына « Май –Кокту» участкасынан 6000 м2 жер участогу бөлүп берүү жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы О.Жунушалиевке милдеттендирилсин.
2. Чаек айылындагы Шортон участкасында жайгашкан мурдагы метерологиялык станциясынын жери Чаек айыл өкмөтүнүн карамагына алынсын.
3.Тиешелүү юридикалык документтерин даярдоо жана мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы, Чаек метерологиялык станциясынын башчысы Б.Абдыгуловага милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн-мекемесинин жер боюнча адиси Ж.Трюмовага милдеттендирилсин.
Төрага | А. Бөдөшбеков |