Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 7-октябры № 3
Күн тартибиндеги маселе :
Чаек айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө
Жумгал районунун Чаек айыл аймагынын жамаатынын өкүлчүлүгүнүн чогулушунда каралган жергиликтүү жамааттын Уставын бекитүү боюнча депутаттардын сунуштарын эске алып, Чаек айылдык Кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чаек айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин.
2.Чаек айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы облустук жана (же) райондук массалык маалымат каражаттарына (веб-сайтына) жарыялансын жана жарыяланган күндөн баштап иш жүзүнө тапшырылсын.
3.Чаек айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндөгү токтому Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 184 токтому менен бекитилген Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндө типтүү Жобосуна ылайык ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы О. Жунушалиевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Бөдөшбеков |