Редакцияот 07.10.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2014-жылдын 7-октябры № 4

Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (XXVI чакырылышы) кезектеги XXII сессиясы

 

Күн тартибиндеги маселе :

 

 Чаек айыл аймагынын айыл-өкмөтү мекемесинин 2014-жылдагы (түрткү берүүчү) грантка каралган акча каражаттары жөнүндө

 Чаек айыл өкмөтүнүн аймагындагы М. Алыбаев орто мектебинин жылуулук системасын ремонттоо үчүн бөлүнгөн 313378 сом (түрткү берүүчү) грантка каралган акча каражатын жана Чаек айыл өкмөтүнүн имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн (түрткү берүүчү) грантка каралган 364200 сом өздүк салымы түрткү берүүчү грантка өтпөй калгандыктан төмөндөгүдөй бөлүү боюнча Чаек айылдык кенешинин сессиясы угуп жана талкуулап,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чаек айыл өкмөтүнүн вет. адиси Токтоналиев Жумгалбеке чабандарды кыдыруу максатында кызматтык ат алып берүү үчүн 50 000 (элүү мин) сом акча каражаты берилсин.

2. Чаек айыл аймагындагы О. Ногойбаев орто мектебине жылуулук системасын ондоо үчүн насос, труба алуу үчүн 35 000 (отуз беш мин) сом акча каражаты берилсин.

3. Турсунбаева орто мектебиин жылуулук системасын ондоо үчүн, Чаек айылынын тургуну Ж. Мусаевге (2013-жылдагы ондогон) жылуулук акысына 15 000 (он беш мин) сом акча каражаты берилсин.

4. Чаек айылынын тургуну Бейшебаева Бурулкандын уулу +зүбеков Уланбек Аралбековичтин ден соолугуна байланыштуу жардам катары 5000 (беш мин) сом акча берилсин.

5. Чаек айылынын тургуну Тукеева Гулянын жолдошу Мырзакулов Нурбектин ден соолугуна байланыштуу жардам катары 5000 (беш мин) сом акча каражаты берилсин.

6. Чаек айылындагы Т. Турсунбаева мектеп гимназиясынын жылуулук системасына насос алып берүү үчүн 35 000 (отуз беш мин) сом акча каражаты берилсин.

7. Чаек айылдык Кенешинин боюджет жана финансы комитетине ноутбук, принтер алуу үчүн 40 000 (кырк мин) сом акча каражаты берилсин.

8. 313378 сом акча каражаты стим. грантка өтпөй калгандыгына байланыштуу,

М. Алыбаев орто мектебине жаны от казан алуу үчүн бөлүнүп берилсин жана жетпей калган 37 000 (отуз жети мин) сом акча каражаты Чаек айыл өкмөтүнүн стим. грантка бөлүнгөн акча каражатынан бөлүнүп берилсин.

9. Айылдык Кенешке планшет алуу үчүн Чаек айыл өкмөтүнүн стим. грантка бөлүнгөн акча каражатынан 30 000 (отуз мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

10 .Бул токтомдун аткарылышын баардык чыгымдар тастыкталган документтердин негизинде өз багытында чыгымдалышын көзөмөлдөө жагы Чаек айылдык Кещешинин финансы-экономика жана пландоо бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана Чаек айыл өкмөтүнүн ФЭБнын бөлүмүнүн башчысы М. Мурзакматовго тапшырылсын.

 

Төрага

А. Бөдөшбеков