Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 7-октябры № 5
Күн тартибиндеги маселе :
Чаек айыл аймагынын Ак-Татыр участкасына Жашылча-жемиш өстүрүүгө жана теплица куруу боюнча ПРООН тарабынан каржыланган проектинин долбоорунун бюджетин бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы О. Жунушалиев айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы М. Мурзакматовтун маалыматын жана айыл Кенешинин депутаттарынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Чаек айыл аймагынын айылдык Кенешинин сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Чаек айыл аймагынын Ак-Татыр участкасына Жашылча-жемиш өстүрүүгө жана теплица цехин куруу боюнча ПРООН каржылаган проектинин долбоорунун бюджетинен 322352 (Үч жүз жыйырма эки мин жүз элүү эки) сом, мунун ичинен ПРООН тарабынан сумма 223643 (Эки жүз жыйырма үч мин алты жүз кырк үч) сом өздүк салым 98709 (токсон сегиз мин жети жүз тогуз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн мекемесинин финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М. Мурзакматовго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Бөдөшбеков |