Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 23-декабры № 4
Чаек айыл аймагынын Актатыр айылынын “Жаштар Ынтымагы” жамаатын юридикалык каттоого алуу жөнүндө
25.02.2005-жылдагы Кыргыз Республикасынын “Жамааттар жана алардын кошундары жөнүндөгү ” № 36-мыйзамдын негизинде Чаек айылдык Кенешинин алдында түзүлгөн “Жаштар Ынтымагы” жамаатын юридикалык каттоого алуу жөнүндөгү арызын жана жамааттын уставын жамааттык уюмду түзүүчүлөрдүн жалпы жыйындарынын токтомдорун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чаек айылдык Кенешинин алдында тү зү лгөн “Жаштар Ынтымагы” жамааты төмөндөгү маалыматтар менен каттоого алынсын.
Жамааттын айылдык Кенештеги каттоо №____
Уюштуруу укуктук формасы : Жамаат
Менчик тү рү : Жеке
Юридикалык дареги: Актатыр айылы, Жумгал району
Жамааттын төрагасы: Шамбетов Жылдызбек Маликович
2.Жумгал райондук улуттук статистика комитетинин код ОКПО белгилөө менен каттоодон өткөндөн кийин жана бирикменин юридикалык каттоодон өткөндөн кийин кү бөлү к берү ү жагы Чаек айыл аймагынын башчысы О. Жунушалиевге жана жооптуу катчынын убактылуу милдетин аткаруучу Сагынбеков Жайылбекке милдеттендирилсин.
3.Кабыл алынган уставдын негизинде иш алып баруу Чаек айылдык Кенешинин алдында тү зү лгөн “Жаштар Ынтымагы” жамаатына жү ктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаек айыл аймагынын башчысына тапшырылсын.
Төрага | А. Бөдөшбеков |