Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 23-декабры № 12
Күн тартибиндеги маселе:
Чаек айыл өкмөтүнүн жаны курулуп жаткан О. Ногойбаев орто мектебинин имаратынын курулушуна электр столбаларын орнотуп, электр зымдарын тартууда РЭСтин чыгымдары жөнүндө РЭСтин кызматкери З. Бозбалаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Чаек айылдык Кеңешинин депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. О. Ногойбаев орто мектебинен бузулуп алынган жыгач курулуш материалдары сатыка чыгарылсын.
2. О. Ногойбаев орто мектебине электр энергиясын тартып келүүдөгү чыгымдарды эски мектептен бузулуп алынган жыгач материалдарды саттуудан түшкөн каражаттын эсебинен жабылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Чаек айыл өкмөт башчысы О. Жунушалиевге тапшырылсын.
Төрага | А. Бөдөшбеков |