Редакцияот 20.01.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2015-жылдын 20-январы № 13/3

                                  Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V чакырылышынын  кезектеги   XIII-сессиясы

 

Талаа-Булак айыл аймагында муниципалдык менчиктин  пайдаланылышы жөнүндө

               Талаа-Булак айыл аймагында муниципалдык менчиктин пайдаланылышы жөнүндө  айыл өкмөтүнүн турак жай  жана   комуналдык башкаруу боюнча адиси  А.Бейшекеевдин маалыматын угуп жана талкуулап    Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

              1. Талаа-Булак айыл аймагындагы муниципалдык менчикти пайдаланууда  айыл аймагынын  айыл өкмөтү тарабынан  2014-жыл ичинде  алгылыктуу  иштер жүргүзүлгөндүгү   белгиленсин.                                                                                                                          

            2. Айыл аймагында муниципалдык менчикти  пайдалануу  жана  оңдоп түзөп туруу иштерин мындан ары жакшыртууну  айыл аймагынын  айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

            3. Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлгө алуу жагы экономика жана муниципалдык  менчик боюнча туруктуу  комиссияга  тапшырылсын. 

  

Төрага

Н. Керимкулов