Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-январы № 13/5
Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2014 -жылдын бюджетин аткарууда 2015-жылдын башында бош калган каражатынын эсебинен айыл өкмөттүн ички чыгымдарын жабуу жөнүндө
Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы М.Исраилованын сунушун угуп жана талкуулап төмөндөгүлөрдү белгилейт Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 30- беренесине ылайык Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы бюджетин аткарууда 2015-жылдын башында бош калган акча каражаттарды, төмөнкү кошумча чыгымдоо жагы бекитилип берилсин.
Бала-бакчага.
1.22141100 Көмүр алуу үчүн 20000,00
Мамлекеттик кызматка;
2.22154900 Ар кандай каражат учун 12140,66
Баары 32140,66
2. Өкмөттүн эсепкорундагы бөлүнүп берилген бош калган акча каражаттарын максатка ылайык чыгымдоо жагы Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи М.Исраиловага милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Керимкулов |