Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 9-апрели № 14/2
Талаа-Булак айыл аймагынын 2015-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2016-2017-жылдын болжолдуу бюджетинин долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-бөлүмчөсүнө ылайык, Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмотунун финансы бөлүмүнүн башчысы М.Исраилованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Талаа-Булак айыл аймагын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2015-жылга айыл аймагынын бюджетинин киреше бөлүгү жергиликтүү салыктардын жана чыгаша бөлүгү төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин.
Киреше бөлүгү
Ыктыярдуу түрдөгү потенттик салык 63,0
Жер салыгы физ тараптан (огород) 136,1
Жер салыгы юрид тараптан (дыйкан чарба) 525,1
Транспорт ээлеринен алынуучу салык 134,6
Тазалык жыйым 24,0
Аренда жер ФПС 32,4
Жер салык а.ч. эмес жер 8,0
Кыймылсыз мулктон алынуучу салык 4,4
Госпошлина 17,0
Администрациялык штраф 2,0
Сатуудан түшчүү салык 10,0
Киреше салыгы (агенттер толоочу салыгы) 585,0
Атайын каражат салыгы 330,0
Баары: 1871,6
Тендештирүүчү грант 4478,3
Жалпысы: 6349,9
Чыгаша бөлүгү
Эмгек акыга 3207,
Эмгек акынын чегерүүсүнө 486,7
Телефон кызматына 10,0
Жабдуу алууга 50,0
Тамак аш каражатына (бала бакча) 621,0
Командировкалык чыгым 50,0
Электр энергия үчүн 961,8
Транспорт каражатына 60,0
Көмүр үчүн 300,0
Ар кандай чыгымдарга 218,3
Ремонт үчүн 35,0
Суу үчүн 20,0
Атайын каражаттар 330,0
ЖАЛПЫСЫ: 6349,9
2.Айыл аймагынын бюджетиндеги өзгөрүүлөр жана толуктоолору боюнча сессияга сунушталып, айыл аймагынын бюджетинин киреше бөлүгүнүн баардык түрү менен толук аткарылышына чараларды көрүү жагы финансы бөлүмүнүн башчысына жана салык инспекторуна тапшырылсын.
3.Пландалган жер салыгынан ашык чогулган акча каражат айыл аймагынын айылдык Кенешинин токтому менен тартыш статьяларга пайдаланылсын.
4.2016-жылга айыл аймагынын бюджетинин болжолдуу долбоору жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 1928,6 сом теңдештирүүчү грантын өлчөмү 4562,1 сом
Жалпысы 6490,7 сом Чыгаша бөлүгү 6490,7 сом
5.2017-жылга айыл аймагынын бюджетинин болжолдуу долбоору жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 1988,6 сом теңдештирүүчү грантын өлчөмү 4775,6 сом
Жалпысы 6764,2 сом Чыгаша бөлүгү 6764,2 сом
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика,бюджет жана салык,муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Керимкулов |