Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 9-апрели № 14/5
Айыл аймагындагы жайыт пайдалануу акысы жөнүндө
Айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Т.Ниязалиевдин жайыт пайдаланучулардын 2015- жылга карата жайыт акысы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Талаа-Булак айыл аймагын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагынын жайыт комитетинин 2015-жылга карата сунушталган жайыт пайдалануу үчүн акы төлөнүн акысы
а) Уй топос-бир баш үчүн 60 сом
Торпок бир баш үчүн 42 сом
Жылкы бир баш үчүн 60 сом
Кой эчки бир баш үчүн 12 сом
б). 07.04.2015-ж Дөң-Алыш айылынын жалпы элдик жыйынын протоколунун чеиминин негизинде сыртан келген мал үчүн
Кой эчки бир баш үчүн 50 сом
бодо мал үчүн 500 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2.Талаа-Булак айыл аймагындагы төрт түлүк малдын 2015-жылдын 1-май айынан баштап айыл ичиндеги, 15-май айынан сарайдагы малдар үчүн жайлоого көчүп конуусун жана күзүндө жайлоодон көчүп келүүнү 2015-жылдын 1-октябрынан кийин уюштурууну жайыт комитетине милдетендирилсин.
3. Жайлоого көчүп конуу күндөрү Дөң-Алыш айылы үчүн 1-май айыл ичиндеги малдар үчүн , 15-май сарайдагы малдар үчүн ,Комсомол айылы үчүн 15-апрель айыл ичиндеги, 1-май сарайдагы малдар үчүн, жайлоодон көчүп келүү 1-октябрь күндөрү деп белгиленсин. Белгиленген күндө жайлоого көчүп барбаган жана күзүндө эрте көчүп келген жарандарга төмөндөгүдөй: .
Жайлоого чөчүп кетпеген адамдарга 5000 (беш мин) сом, 1-октябрдан эрте көчүп келген адамга 20000 ( жыйырма миң) сом. 500сом өлчөмүндө штраф айып пулу белгиленсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилси
Төрага | Н. Керимкулов |