Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 9-апрели № 14/7
Айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкасын жогорулатуу жөнүндө
Айыл аймагында айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкасын жогорулатуу жөнүндө айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси А.Джумабаеванын маалыматын жана сунушун угуп талкулап Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкасы төмөнкүдөй көрсөтүлгөн
1.Сугат айдоо-1,0га 107сом 50тыйын,
2. Кайрак айдоо -1,0 га 18сом 50 тыйын,
3.Чабындылар-1,0га 12 сом 55 тыйын,
4. жайыттар -1,0 га 2сом 25 тыйын өлчөмүндө өзгөртүсүз калтырылсын.
2. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси А.Джумабаевага милдеттендирилсин
Төрага | Н. Керимкулов |