Загрузка документа…
АК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 18-апрели № 2
Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн счетуна 2014-жылдын февраль айында «Мергенчиликтен» түшкөн 195700 сом, март айында түшкөн «Жаннезтем» фирмасынан 70000 сом, бардыгы 265700 сомду чыгымдоо жөнүндө Ак-талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Максүт уулу Асанбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап
Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Суу айылына мектептин отказаныны ремонттоо жана жаны отказан салууга долбоорун даярдоо үчүн проектисин 50000 сом жана башка долбоорлорду өздүк салым катары 48234 сом бөлүнсүн.
2. Т.Адыранов орто мектебине курулуучу кошумча корпустун долбоорунун өздүк салымы үчүн 94531 сом бөлүнсүн.
3. Ат-Башы райондук соттун чечиминин негизинде Ат-Башы райондук социалдык фондусуна 63640 сом бөлүнсүн.
4. айыл өкмөтүнүн башка чыгымдары үчүн 9295 сом бөлүнсүн.
5. Жалпы 265700 сомду токтомго ылайык жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Бугубаевага тапшырылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Максүт уулу Асанбекке тапшырылсын.
Төрага | А. Туюкбаев |