Загрузка документа…
АК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 30-июну № 9
Айылдык Кеңешке түшкөн кайрылуулар жөнүндө
Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калинин айылынын Жусубаалы көчөсүнүн тургундарынын турак жай салууга үлүш жерлерине уруксат берүүгө тиешелүү иш кагаздарды топтоо жагы айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси М.Садыковго тапшырылсын.
2. Калинин айылынын тургундарына курулуш иштерин жүргүзүү үчүн Май-Булак участкасынан асылдуулугу төмөн жерден топо адып карьер кылууга 30 сотых жер бөлүнүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу Сарымсакова Аида тапшырылсын.
3. Кара-Булак участкасындагы сарайларга таза суу тартуу долбоорун ишке ашырып жаткан Байтерекова Жумабүбү апага тиешелүү каражат жагынан жардам берүү жагы жайыт комитетинин төрагасы Т.Стамакуновго тапшырылсын жана долбоордун атына Байтерекова Жумабүбү апанын ысымы ыйгарылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн милдетин аткаруучу Сарымсакова Аидага тапшырылсын.
Төрага | А. Туюкбаев |