Загрузка документа…
АК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 30-июну № 10
Айыл өкмөтүнө караштуу КБФнун жерлерин пайдалануу жөнүндө
Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнө караштуу кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин ижара берүү акысы суу баскан 1 га жерге 1700 сом, кайрак жерге 170 сом, чөп чабынды 1 га жерге 450 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2.Терек-Суу айылындагы Май-Булак участкасындагы А. Чортеков орто мектеби пайдаланып жүргөн 5 га жер айыл өкмөтүнүн балансасына алынсын.
3. Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча төмөндөгүдөй курамда комиссия түзүлсүн.
Төлөгөнов Белек-айылдык Кенештин депутаты, комиссиянын төрагасы
Туюкбаев Алмаз -айылдык Кенештин депутаты, комиссиянын мүчөсү
Адыранов Марат- айылдык Кенештин депутаты, комиссиянын мүчөсү
Садыков Мирлан- айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси, комиссиянын мүчөсү
Төлөгөнов Улан-айыл өкмөтүннү салык инспектору, комиссиянын мүчөсү
Кулова Венера- айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, комиссиянын катчысы
Субанова Гүлзат- айыл өкмөтүнүн ФЭб башчысы, комиссиянын мүчөсү
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси М.Садыковго тапшырылсын.
Төрага | А. Туюкбаев |