Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-февралы № 2
Дара айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2014-жыл ичинде аткарылышы , 2015-жыл үчүн жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2016-2017-жылдарга жергиликтүү бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы М.Зайналовдун айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2014-жыл ичинде аткарылышы, 2015-жыл үчүн жергиликтүү бюджетинин жана 2016-2017-жылдарга жергиликтүү бюджетинин болжолдуу планын бекитүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айылдык кенешинин V чакырылышынын кезектеги ХХХХХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2014-жыл ичиндеги киреше жана чыгаша бөлүгү 18 472,7 сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Дара айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2015-жылга киреше жана чыгаша бөлүгү 12 879, 7 сомго, анын ичинен кызмат көрсөтүүлөрдөн (ата энелер взносу) түшүүчү 165,0 сом суммасында сессияда айтылган сунуштар жана толуктоолор менен бекитилсин.
3. Дара айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2016-жылга 7548,1 сом суммасында, 2017-жылга 7929,1 сом суммасында болжолдуу планы бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Мусаев |