Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-февралы № 5
Дара айыл аймагынын социалдык экономикалык өнүгүү планынын 2014-жыл ичинде аткарылышы жана “2015-2017-жылдарга Дара айыл аймагынын (орто мөөнөттүү) социалдык экономикалык өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө” үчүн түзүлгөн социалдык экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы №11 “2013-2017 жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы” жөнүндөгү Жарлыгын ишке ашыруудагы, Дара айыл аймагынын 2015-жылдын № токтому менен кабыл алынган Дара айыл аймагынын 2015-2017-жылдарга социалдык экономикалык өнүгүү программасын” бекитүү максатында , Дара айылдык кенешинин V чакырылышынын кезектеги ХХХХХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын социалдык экономикалык өнүгүү планын 2014-жыл ичинде аткарылгандыгы канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Дара айыл аймагынын “2015-2017-жылдарга Дара айыл аймагынын социалдык экономикалык өнүгүү программасында” кабыл алынган иш чараларынын планы жактырылсын.
3. Дара айыл аймагынын 2015-2017-жылдарга социалдык экономикалык өнүгүү программасындагы кабыл алынган иш чараларды экономика, бюджет жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиялар аркылуу көзөмөлдөө жана аткарылган иштерди айылдык кенештин сессияларында кароо жагы белгиленсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин экономика, бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Мусаев |