Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-февралы № 6
“Дара суусу” ичүүчү таза суу пайдалануучулар бирикмесинин 2014-жыл ичинде аткарган иштери жана 2015-жылга бюджетинин түзүлүшү жөнүндө
“Дара суусу” ичүүчү таза суу пайдалануучулар бирикмесинин 2014-жыл ичинде аткарган иштери жана 2015-жылга бюджетинин түзүлүшү жөнүндө “Дара суусу” ичүүчү таза суу пайдалануучулар бирикмесинин башчысы А.Амиралиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айылдык кенешинин V чакырылышынын кезектеги ХХХХХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Дара суусу” ичүүчү таза суу пайдалануучулар бирикмесинин 2014-жыл ичинде аткарган иштери канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. “Дара суусу” ичүүчү таза суу пайдалануучулар бирикмесинин 2015-жыл үчүн түзүлгөн бюджетинин түзүлүшү бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин социалдык жана маданий иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Мусаев |