Редакцияот 10.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2015-жылдын 10-февралы № 9

Эл депутаттарынын Дара айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХХХХХII сессиясы

 

 Дара айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2015-жыл үчүн түзүлгөн иш планын жана жылдык сметасын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жайыттар” жөнүндөгү мыйзамынын 6-беренесинин 5 –пунктуна ылайык Дара айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2015-жылга түзүлгөн бюджетин жана иш планын бекитүү максатында Дара айылдык Кенешинин V чакырылышынын кезектеги XХХХIV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2015-жыл учун түзүлгөн киреше жана чыгаша бөлүгүнүн сметасы жана 2015-жыл учун түзүлгөн иш планы бекитилсин. (тиркеме тиркелет)

2. Жайыт акысы учун төлөмдөрдүн тарифтери төмөнкүдөй бекитилсин. (тиркеме тиркелет)

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башчысына жана айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.

 

Төрага

                                               Н. Мусаев