Редакцияот 10.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2015-жылдын 10-февралы № 10

Эл депутаттарынын Дара айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХХХХХII сессиясы

 

Дара айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө физикалык жер салыгынан жеңилдик берүү жөнүндө

Дара айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө физикалык жер салыгынан жеңилдик берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн салык кызматкери Х.Нийматиллаевдин билдирүүсүн угуп. Дара айылдык Кенешинин V чакырылышынын кезектеги XХХХIV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Дара айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган УАМСтун катышуучуларына, 1-2 топтогу майыптарга, пенсия курагындагыларга, 16 жашка чейинки 4 жана андан көп балалуу үй-бүлөлөргө КРнын салык Кодексинин 181-беренесине ылайык физикалык жер салыгынан жана таштандыларды ташып чыгаруу салыгынан жеңилдик берилсин.

2. Дара айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган турмуш шарты оор үй-бүлөлөр КРнын салык Кодексинин 206-беренесинин 1-пунктуна ылайык физикалык жер салыгынан бошотулсун.

3. Таштандыларды ташып чыгаруу салыгынан тизменин негизинде 737 кожолукка жеңилдик берилсин.

 

Төрага 

                                                Н. Мусаев