Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-февралы № 11
Дара айыл өкмөтүнүн салык жыйымдары боюнча башкы адиси Х.Нийматиллаевдин билдирүүсү жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн салык жыйымдары боюнча башкы адиси Х.Нийматиллаевдин айыл өкмөтүнүн аймагында таштандыларды ташып чыгаруу салыгын жыйноодогү пайда болуп жаткан көйгөйдү чечип берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айылдык кенешинин V чакырылышынын кезектеги ХХХХХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл өкмөтүнүн аймагында таштандыларды ташып чыгаруу салыгын айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнөн катталган кириш ордери менен жыйнап, чогултуп банкка өткөрүүгө уруксат берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана ФЭБ башчысы М.Зайналовго тапшырылсын.
Төрага | Н. Мусаев |