Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-февралы № 12
Дара айыл өкмөтүнүн КБФнун сугат айдоо жеринен ижара акысынан жеңилдетилген түрдө ижарага жер берүү жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн жер, турак жай жана муниципиалдык менчик боюнча башкы адиси М.Зайниевдин айыл өкмөтүнүн КБФнун сугат айдоо жеринен ижара акысынан женилдетилген түрдө ижарага жер берүү жөнүндө кайрылган жакыр уй-булолорго айыл өкмөтүнүн КБФнун сугат айдоо жеринен ижара акысынан женилдетилген түрдө жер аянтын бөлүп берүү жөнуүдөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дара айылдык Кенешинин V чакырылышынын кезектеги XХХХХIIсессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл өкмөтүнүн КБФнун сугат айдоо жеринен ижара акысынан женилдетилген түрдө жер берүү жөнүндө арыз менен кайрылган жакыр үй-бүлөлөргө айыл өкмөтүнүн КБФнун сугат айдоо жеринен 2,2 га жер аянты 1 жылдык мөөнөт менен ижара акысынан женилдетилген түрдө кезеги бөлүнүп берилсин.(тизме тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн жер, турак жай жана муниципиалдык менчик боюнча башкы адисине жана айылдык кенештин жер, муниципиалдык менчик жана көрктөндүрүү иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Мусаев |