Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-марты № 2
Дара айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигинде турган бош жер аянтынан балдар бакчасын куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигинде турган бош жер аянтына балдар бакчасын куруу ждөнүндөгү маселени карап жана такуулап, Дара айылдык кенешинин V чакырылышынын кезексиз ХХХХХХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигинде турган бош жер аянтынан балдар бакчасын куруу үчүн 0,15 га жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Балдар бакчасын куруу үчүн бөлүнүп берилген жер аянтынын ижара акысын аныктап, келишим түзүп, пайдалануу тартибин жана башка иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөтүнүн жер, турак жай жана муниципиалдык менчик боюнча башкы адис М.Зайниевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана айылдык кенештин жер, муниципиалдык менчик жана көрктөндүрүү иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Мусаев |