Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-марты № 3
Дара айыл өкмөтүнүн Кан айылындагы балдар бакчасынын имаратынын капиталдык курулушу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Сайкаловдун Кан айылындагы балдар бакчасынын имаратын куруу жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, имараттын авариялык абалда экендигин эске алып, Дара айылдык кенешинин V чакырылышынын кезексиз ХХХХХХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл өкмөтүнүн Кан айылындагы балдар бакчасынын имаратынын капиталдык курулушунун долбоорун каржылоо үчүн жергиликтүү бюджеттен 520611 (беш жүз жыйырма мин алты жүз он бир) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Мусаев |