Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-марты № 5
Дара айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
1981-1987- жылдары “Советтик Кыргызстан” совхозунун директору болуп иштеген, маркум Анарбаев Абдималик Абдырахмановичтин иштеп турган мезгилиндеги талыкпаган эмгегин жана аймактын социалдык экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымын эске алып, маркумдун эскерүү күнүнө карата Дара айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндөгү маселени талкуулап, Дара айылдык кенешинин V чакырылышынын кезексиз ХХХХХХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Советтик Кыргызстан” совхозунун директору, маркум Анарбаев Абдималик Абдырахмановичке Дара айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Сайкаловго тапшырылсын.
Төрага | Н. Мусаев |