Редакцияот 03.03.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2015-жылдын 3-марты № 1/4

Ак-Моюн айыл аймагынын «Тамчы-Булак» балдар бакчасынын башчысы Г.Тойтукееванын 2015-жылдын 16-февралындагы кайрылуусун кароо жөнүндө

Угулду: Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттары, айылдык Кеңештин төрайымы Г.Аттокурованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Моюн айыл аймагынын «Тамчы-Булак» балдар бакчасынын башчысы Г.Тойтукееванын 2015-жылдын 16-февралындагы кайрылуусу боюнча Кыргызтелекомдун Ат-Башы районундагы филиалы бала бакчанын пайдаланып жүргөн бир бөлмөсүн, аукционго коюлган, сатылат деген жообу боюнча, бул бала бакчанын имаратынын өзүнө тиешелүү Ат-Башы райондук Мамлекеттик каттоо башкармалыгынан алынган документи бар экендиги  жөнүндө Ак-Моюн айылдык Кеңешинин атынан кат жөнөтүлсүн.

 

Төрага

Г. Аттокурова