Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-апрели № 2/1
Бирлик айылынын айыл башчысы А.Асановдун 2014-жылдагы аткарган жумуштары боюнча отчетуна «канааттандырарлык» же «канааттандырарлык эмес» деп, баа берүү жөнүндө
Жогорудагы аталган маселе боюнча Ак-Моюн айылдык Кеңешинин төрайымы Г.Аттокурова Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Бирлик айылынын айыл башчысы А.Асановдун отчетун угуу жөнүндө билдирүү жасады.
Ак-Моюн айылдык Кеңештин сессиясы жогорудагы А.Асановдун отчетун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бирлик айылынын айыл башчысы А.Асановдун 2014-жылдагы аткарган жумуштарын угууда Ак-Моюн айылдык Кеңешинин депутаттары 11(он бир) депутат толук катышып, Бирлик айылынын айыл башчысы А.Асановдун 2014-жылдагы отчетун угууда жана буга чейин иштеп келген кызматынын 15(он беш) жыл болгондугуна баа берүүдө 1(бир) депутат канааттандырарлык деп таап, 2(эки) депутат калыстыгын билдирип, 8(сегиз) депутат иштеген жумушун канааттандырарлык эмес деп таап, А.Асановдун ээлеген кызматынан кош айдоо, көчүп-конуу, жашылдандыруу-көрктөндүрүү учуру болгондуктан тез аранын ичинде (3-5) күн аралыгында кызмат абалын чечип берүү жагы Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Мамбетовго милдеттендирилсин.
2. А.Асановдун өзүнүн өтүнүчү боюнча 3(үч) күндүн ичинде (6-7-8-апрель күндөрү) өз арызынын негизинде жумуш ордумду бошотуп берем деп, Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынан сурангандыгын эске алып, Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Мамбетовго тез аранын ичинде А.Асановдун өтүнүчүн чечүү жагы тапшырылсын.
3. Ак-Моюн айыл аймагына караштуу Бирлик айылынын айыл башчысынын орду Бирлик айылынын элинин атынан сунушталып, эл жактырган талапкерди Бирлик айыл башчысы деп таанып, бекитүү жагы Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Мамбетовго тапшырылсын.
Төрага | Г. Аттокурова |