Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-апрели № 2/2
Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Көбөнованын 2014-жылга карата финансылык ишмердүүлүгүн текшерүү жөнүндө
Жогорудагы аталган маселе боюнча Ак-Моюн айылдык Кеңешинин төрайымы Г.Аттокурова билдирүү жасады.
Ак-Моюн айылдык Кеңештин сессиясы жогорудагы билдирүүнү угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы финансылык жумуштарын текшерүү үчүн «Финансы-экономика жана бюджет маселелери» боюнча туруктуу комиссия аткарууга алсын.
2.«Финансы-экономика жана бюджет маселелери» боюнча туруктуу комиссияга, кийинки сессияда финансылык ишмердүүлүк боюнча справка даярдап келүү жагы тапшырылсын.
Төрага | Г. Аттокурова |