Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-апрели № 2/4
Ак-Моюн айыл аймагынын Бирлик айылынын күн батыш тарабындагы «Саз» участкасынан жаңы салынып жаткан мектепке спорт аянтча жана парк куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Жогорудагы аталган маселе боюнча Ак-Моюн айылдык Кеңешинин төрайымы Г.Аттокурова билдирүү жасады.
Ак-Моюн айылдык Кеңештин сессиясы жогорудагы билдирүүнү угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Моюн айыл аймагынын Бирлик айылынын күн батыш тарабындагы жайытка тиешелүү (жараксыз өсүмдүүлүгү жок жер) «Саз» участкасынан жаңы курулуп жаткан мектепке спорт аянтча (площадка) жана парк куруу үчүн 3(үч) га жер аянты бөлүнүп такталып трансформация кылууга сунушталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Мамбетовго тапшырылсын.
Төрага | Г. Аттокурова |